Кризиске кабылган Кыргыз Циркин балетмейстер Зарылбек Молдобакиров жетектейби?

48

 Бир айдан бери жетекчилиги жок иш алып барып келген Кыргыз Циркине Молдобакиров Зарылбек мырзанын талапкерлиги көрсөтүлүп жатыптыр деген имиш таар чөйрөдө талкуулана баштады.

Ал эми аны тастыктоо үчүн Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго кайрылганыбызда маданий мекемелердин бирине талапкерлиги каралып жаткандыгын ырастап, бирок, конкреттүү түрдө Кыргыз Циркине директорлукка каралып жатканын тастыктаган жок. Мындан улам коомдогу айтылып жаткан имиштердин чындыгы бар экен деген ишенимдер күч алууда. Маданий элита арасында Кыргыз Циркине көйгөйдү билген кадрлар келбесе балетмейстер ого бетер абалды оорлоштуруп мурдагы кебетесин кайрадан кийгизет деген коӊгуроолор кагыла баштады. Эске сала кетсек, Модобакиров азыркы учурда Кыргыз Консерваториясында мугалим болуп эмгектенет, жашы 58де, 42 жашында жогорку билимдуу болгон. Камбаркан фольклордук ансамблинде жана Улуттук Консерваторияда эмгектенип келген. Өзү менен байланышканыбызда Маданият министрлигине резюмесин калтырып кеткенин, балким Циркке директор болуп калуу ыктымалдыгын кыйытты. Ошондой эле жетекчилик кадрдык резервке киргизилгенин билдирди. Буга чейин аталган маданий жайын Курмангазы Исанаев жетектеп келген.

fakt.kg

Бөлүшүңүз