Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча жооп жарыяланды

19

Экс-президент Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевге ырайым көрсөтүү өтүнүчү токтотулду. Бул тууралуу президенттин алдындагы ырайым берүүчү комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экс-президенттин кайрылуусу Жаза аткаруу кызматына жөнөтүлгөн.

«Алар ырайым көрсөтүү үчүн керектүү болгон талаптар менен толуктап комиссияга жөнөттү. Комиссиянын катчылыгы карап чыгып, Роза Отунбаеванын кайрылуусун токтотту. Анткени, ырайым көрсөтүүдө соттолгон кишинин пикири угулат. Ал макулдук берип, өлкө башчысына кайрылышы керек. Өмүрбек Текебаев каршылыгын билдирип, өзүнүн күнөөсүз экендигин айтып, ырайым суроодон баш тартты. Бул боюнча Роза Отунбаева жооп жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу сунушун парламенттин алты фракциясынын лидерлери баары колдогон. Өмүрбек Текебаев сегиз жылга соттолгон.

fakt.kg

Бөлүшүңүз