Сооронбай Жээнбеков бут кийим сатып алды (Фото)

35

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн региондору боюнча иш сапарларын улантууда.

Сооронбай Жээнбеков купил обувь made in KG в Сокулуке. Фото

2019-жылдагы алгачкы иш сапарын Мамлекет башчысы бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунан баштады.

Президент Сокулук районунун тургундары менен жолугушууда 2018-жылы региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында аткарылган иштер тууралуу айтып берди.

Сооронбай Жээнбеков купил обувь made in KG в Сокулуке. Фото

Ал 2018-жылды «Региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыялаганын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун тургундарынын жолдорду, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу жана оңдоо, жеңилдетилген насыяларды берүү, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, калкты иче турган таза суу менен камсыздоо жана экологиялык көйгөйлөргө байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков «Агропродукт Азия»  айыл чарба логистикалык борбору жана «Империал Групп Компани» бут кийим чыгаруучу ишкананын ишмердиги менен таанышты, ошондой эле Сокулук районундагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо Борборуна да барды.

fakt.kg

Бөлүшүңүз