Кытайда мүрзөлөрдө кыздардын сөөгү 10 миң долларга сатылат

21

Кытайдын Хэбей провинциясында 20 жыл мурун каза болгон 18 жаштагы кыздын сөөгү мүрзөдөн уурдалган. Каза болгон кыздын туугандары кызды каза болгон кишиге күйөөгө бергени жатышат деп айтышууда. Бул тууралуу  Life.ru жазып чыкты.

Хэбей провинциясынын тургундарынын 20 жыл мурун каза болгон 18 жаштагы тууганынын сөөгү уурдалганын кабарлашкан. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты орточо деңгээлде өтүп,  табыпка баалуу буюмдар салынган эмес. Уурулардын бир гана максаты сөөктү алуу болгон.

Кыздын туугандары анын сөөгүн “өлүк адамдардын үйлөнүү тою”-  деген жөрөлгөлөргө колдонууга пландап жатышат дешүүдө. Бул ырым-жырымдын максаты өлгөн адамдарды никеге тургузуп, кийинки жашоосунда жалгыз болбой бирге болушсун деп жасалат. Негизи аталган ырым-жырым эки үй-бүлөнүн тең макулдугу менен болот. Бирок көбүнчө учурда каза болгон эркек кишинин туугандары кыздын сөөгү сатып алышат. Кыздардын сөөгү 10 миң АКШ дооларына чейин бааланат. Буга чейин сөөгү уурдалган кыздын туугандарына белгисиз бирөөлөр келип сөөгүн сатуунун сунушташкан да, баш тартышкан. Бирок ага карабастан алар  мүрзөнү ачып кыздын сөөгүн уурдап кетишкен. Мүрзөнү ачкан уурулар кол кабын таштап кетишкен. Азыркы учурда аларды  полиция кызматкерлери издеп жатат.

fakt.kg

 

.

Бөлүшүңүз