Templates by BIGtheme NET

Өзбекстанда мугалимди күйөөсү балталап салды

Өзбекстандын Каттакурган шаарынын тургуну жергиликтүү мектепте мугалим болуп иштеген жарандык никедеги аялын балталап салган. Жаракат алган мугалим 25-декабрь эртең менен мектептин алдында табылган. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти.

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Жалол Суюнов кылмышка шектүү катары мугалимдин жарандык никедеги күйөөсү кармалганын билдирди.

«Шектүү 26-декабрда кармалып, ага карата камакка алуу бөгөт чарасы белгиленди. «Атайылап адамдын денесине залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Колдо бар маалыматтарга караганда, ал мындай кадамга кызганычтан улам барган», — деди тергөөчү.

Шаардык оорукананын дарыгеринин билдиришинче, учурда жаракат алган мугалим травматология бөлүмүндө дарыланууда.

«Анын бети менен муруну жабыркаган. Мындан тышкары колдорунун чыканактарында, белинде жана тизесинде терең жаракаттары бар. Эң башкысы өмүргө коркунуч келтире турган жаракаттары жок. Учурда абалы канааттандыраарлык», — деп билдирди дарыгер.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Жакында Кытай эң алдыңкы курал-жарактарга ээ болот

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful