Атамбаевди партиядан чыгаруу маселеси добушка коюлат

44

Бүгүн «КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын жыйыны Бишкек шаарынын  Октябрь районунда өттү.

“Жакынкы аралыкта биз өткөрө турган съездге мурунку президент Алмазбек Атамбаевди расмий түрдө чакырабыз. Андан тышкары депутат Ирина Карамушкина, Фарид Ниязов чакырылат. Алмазбек Атамбаев КСДПнын лидери болууга татыктуу экенин тастыктасын. Бирок, ал келбейт. Ал эми аны партиядан чыгаруу тууралуу маселени талкууга алабыз, маселени добуш берүүгө коёбуз”, -деди Сагынбек Абдрахманов.

fakt.kg

Бөлүшүңүз