Templates by BIGtheme NET

Калилов шок абалдан чыгып жаңы шылтоо айтып чыкты (Видео)

Транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалып, камакка алынган. Ал  тендерди өткөрүүдө компанияны жеңишке жеткирип  520 миң АКШ долларын алмак. Анын 120 миң АКШ долларын алып койгон, 50 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалган.

Аталган министрликтин “чоңу” Жамшитбек Калилов орун басарынын кылык жоругуна таң калгандыгы туурасында жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.  Бирок  бүгүн, 12- декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев Калиловдин кызматта калуусуна моралдык укугу жок экендигин айтып, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге эмне үчүн министр кызматтан кетпей жаткандыгын сураганда,  Өкмөт башчы “ Министр менен сүйлөштүм. Ал орун басарын мурда эле шек санап жүргөндүгүн айтты”- деди.

Демек, Калилов өкмөт башчыга барганда “шек санап жүргөм” деп башкача сүйлөптүр. Деги министр орун басары жөнүндө эмне билет? Министр Калилов оң, сол жагы менен же такыр эле иши жокпу же өзүн жамандыктан качырып жатабы? Айтор анын актангандыгы барган сайын окшошпой бара жатат.

Албетте майлуу-сүттүү министрликти эч ким таштагысы келбейт, бирок иштете албасаң, башкара албасаң Кыргызстандагы жалгыз жолчудай болуп жүрө бербей “кой кетейин” деш керек да туурабы?

Азыр биздин аткаминерлер кыйын “атасынан калган мурастай”  улуп-жулуп, ичинен бөлүштүрүп, акчасын каалашынча чачып, өзү билемдикке салып башкарып алышат, керек болсо Өкмөтүңөн да, Жогорку Кеңешиңен да коркушпайт!

fakt.kg

Окшош материалдар:  Бишкекте гейлер катышкан акция Жогорку Кеңеште айтылды

One comment

  1. Ар кандай жаман ойлор менен министр Ж.Калиловду каралоо болбойт.Эгерде корупцияга тиешеси жок болсо эмнеге жумуштан кетиш керек?. Орун басар күнөлүү болсо озу жооп бериш керек.Ж.Калиловдун репутациясы аябай бийик. Жол жана транспорт тармагын аябай жакшы билет, келечекте жакшы иштерди аткарууга даяр. Мындай кадрларды пайдаланыш керек кетирбей.

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful