Чүйдө 2 жашар бала апасынын таанышынын үйүндө каза болду

9

Кечээ, 7-декабрда Чүй облусунда эки жашар бала чарчап калды, баланы апасы таанышынын үйүнө таштап, Россияга кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаарынын  ИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрда 2018-жылы 09:30 чамасында Панфилов районунун ИИБ, 2016-жылы төрөлгөн Х.О аттуу ымыркай  аймактык ооруканага эси жок келип түшкөндүгү боюнча кабарланган.  Кээ бир маалыматтар боюнча баланын денесинде жаракаттар байкалган.

Окуя болгон жерге күч кызматкерлери барып, эки жашаар бала жашаган Кайынды шаарынын тургуну 32-жаштагы Э.С аттуу жаранды суракка алышты.

Анын айтымында,  баланын апасы ушул жылдын ноябрь айында Россияга иштеп кеткен. Эки жашаар бала   керебеттен кулап кетип, гематома пайда болгон.

Бул боюнча КРнын КЖКнин 104 беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

fakt.kg