Templates by BIGtheme NET

Карышкырга кой кайтарткан министрлик

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси А.Бекмуратов боюнча кайрылуу келип түшкөн. Кайрылууда, А.Бекмуратов  2015-жылы бюджетке 1 миллион 800 миң сом чыгым келтиргендиги үчүн кылмыш иши козголуп кызматтан алынган. Козголгон кылмыш иши аягына чыкпай  кылмыш ишинин убактысы өтүп кеткендигине байланыштуу иш жабылган.  Ошондой эле, “Кемин”  өткөрүү бекетинде мыйзамсыз акча чогултулуп жатканы боюнча да айтылып жатат. Аталган агенттиктин жетекчиси болуп Бекмуратов 2017-жылы кайра кызматка келет. Бекмуратовдун кызматтан  кандайча кеткендиги тууралуу жана ага козголгон кылмыш ишине байланыштуу fakt.kgге кайрылуу менен бирге тийиштүү документтер келип түшкөн. Бир жактуу болуп калбаш үчүн эки тараптын тең жүйөөлөрүн тактап көрдүк.  Бул чуулгандуу ишинин чоо-жайын билүү үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси А.Бекмуратовго кайрылып бул иш боюнча өз пикирин уктук.

 

Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси А.Бекмуратов:

 “Башкы бухгалтер Сайбекова деген болгон, ал жанагы сумманы аныктап мага доклад менен келген. Иш группасын түзүп, материалдык бухгалтер Канджабаева күнөөлүү деп табылып, ошол миллион сомду кайра банкка төгүп койгон. Биз ал акчаны алып туруп, мамлекеттик бюджетке төктүрүп койгонбуз. Бул акчаларды Сайбекова таап чыгып, бүт калыбына келтирип берген.  Сайбекова экөөбүз 1 миллионду бир күндө аныктап, бир күндө кайра төлөттүрүп салганбыз. Сайбекова азыр иштебейт, негизи өзү кызматка келиш керек болчу. Анткени, Сайбекова бардыгын аныктап жатат да. Мындан башка мага доомат болгон эмес.  Мага кылмыш иши  да козголгон эмес. Ошол эле документтердин негизинде Жогорку Кеңешке, УКМКга, Каржы полициясына,  Өкмөткө, Президенттин аппаратына чейин кайрылышты, бардыгы текшерип чыкты.  Акыры Коопсуздук кеңешине берди, алар карап чыгып  Башкы прокуратурага өткөрдү, бүтүмүн жакын арада алабыз. Буга чейин Башкы прокуратуранын бул иш боюнча бүтүмү чыккан, экинчи текшерилбесин деп.

Окшош материалдар:  Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген айыл өкмөтүн ким тыят...

Ал эми, коомчулукка таратылган маалыматтар боюнча 2 миллион сом, 1 миллион 800 миң деп алмаштырып эле жатышат. 890 миңди сомду төлөгөн эмес деп да жатышат. Мунун баары төлөнгөн, болгону төлөнгөн эмес деген маалымат жүрүп жатат. Бул акчаларды мен төлөгөн эмесмин, күнөөлүү тарап төлөгөн”,- дейт Бекмуратов.

Ал эми,  Кеминдеги өткөрүү бекети  боюнча Каржы полициясы, УКМК, прокуратура текшерди. Агенттиктин Чүй аймактык башкармалыгынын өзүнүн жетекчиси бар, жумушка алып, жумуштан кетире турганда ошол.

Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигининюристи  Орозалиев Таалайбек төмөндөгүлөрдү билдирди:

“15 киши эмес 55 киши бүт аймактык башкармалыктардан  кыскартылып кеткен. Негизги себеп менен Чүй аймактык башкармалыктын жетекчиси эле кеткен”- дейт юрист.

Жогоруда Бекмуратовдун өзү айткан сөздөрүнө жооп иретинде, бизге келген документтердин негизинде чындыгында кандай болгонуна көз салалы.

 Биринчиден, Бекмуратов айткандай,  материалдык бухгалтер Канджебаеванын каражаттарды которгондугу туурасында Сайбекова таап чыккан.

Бирок, документтердин негизинде карасак, Канджебаеванын №02-804 коштоочу катына Бекмуратов менен Сайбекованын өз колдору  коюлуп,  карталык эсебине 28-майда 2014-жылы 522 870 сом которулган.

Экинчиден, Бекмуратовдун бизге берген жообунда каражатты өзү төккөн эмес, аны күнөөлүү тарап төгүп берген.

Бирок , Кыргыз транспорт прокуратурасына Бекмуратов менен  Сайбекова экөө кайрылып, өз эрки менен мамлекетке 99 700 сом чыгымын кайрып бергендери боюнча түшүнүк кат жазып беришкен. Транспорт прокуратурасы тарабынан 2015-жылдын 9-августта кабыл алынган токтомдо жазылып турат.

Үчүнчүдөн, Анарбек Бекмуратов мага кылмыш иши козголгон эмес деп жатат.  Бирок, Бекмуратовго  карата КРнын  КЖКнин 1-бөлүмдүн 316 беренесинин (халатность) негизинде айып коюлган. Ал эми, 2016- жылы 12-апрелде УКМК тарабынан Бекмуратовго козголгон кылмыш иши,  кийин убакыттын өтүп кеткенинин негизинде токтотулган.

ТөртүнчүдөнСайбекова бул акча боюнча таап чыкты деп жатат. Бирок, Сайбекова өз түшүнүк катында,  “Бажы союзуна кирип жатканда жумуш көп болгондуктан, чарчагандыктан билбей которуп алдым” деп жазып берген.

Окшош материалдар:  Эжекесине ишенип эрсиз калгандар же күн чыккан жердин күкүктөрү

Fakt.kg редакциясы тиешелүү органдарга жогоруда айтылган документтерди берүүгө даяр!

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful