Templates by BIGtheme NET

Пара менен кармалган министрдин орун басары коррупция менен күрөшүп жүргөн

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов пара алып жаткан орун басары коррупция менен күрөшүп келгендердин башында тургандыгын «Марал» радиосуна билдирди.

«Менин орун басарым 2017-жылдын февраль айында өкмөттөн  келген. Ал министрликте жол жана темир жол тармагын карачу. Өз ишине так иштеген кадр эле. Мүнөзү бир аз жумшак болчу. Ошонун айынан көп эскертүү алчу. Бул кабарды  бүгүн эртең менен угуп өзүм дагы аң-таң абалда турам. Үч уктасам түшүмө кирген эмес. Анткени 1,5 жыл ичинде коррупциялык схемаларды жоюу боюнча көп жумуштарды жасаганбыз. Анын башында өзү турган«-деди.

Эскерте кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы министрдин орун басары Азимкан Жусубалиевди 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашканы айтылат. Буга чейин 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек.

fakt.kg

 

Окшош материалдар:  Дүйшөнбек Зилалиев мүлктөрүн кантип жашырган

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful