Депутат: Айыл өкмөттөр «отметкада» отурушат (ВИДЕО)

8

2-декабрда Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын тургундары «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасына каршы нааразычылык акциясына чыгышкан. Себеби,  Ак-Терек айылынын тургуну мал багып жүргөн жеринен «Эти Бакыр Терек-Сай»  ишканасынын күзөтчүлөрү ур-токмокко алышкан. Мындай мамилеге жинденип калган айыл тургундары күзөтчүлөргө  жообун беришкен. Мындан соң күзөтчүлөрдү ур-токмокко алды деп айылдын 15  тургунун Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери камакка алышкан. Терек-Сай айыл аймагынын 400гө жакын тургуну Жалал-Абад ОИИБнын алдына митингге чыгышып, камалып жаткан тургундарды  камактан чыгаруусун талап кылышкан.

Аталган маселени бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып жатат. Жыйында,  депутат Кожобек Рыспаев өз пикирин билдирди.

fakt.kg