Templates by BIGtheme NET

Азыркы өкмөттө эч нерсе билбеген министр кызматта олтурат

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал эми, министр Жамшитбек Калилов орун басары пара менен кармалганы боюнча билбейм деп жооп берип олтурат. Министр билбейт, жөнөкөй жарандар пара менен кармалганы боюнча билет. Кичинекей балдар бир нерсени сындырып же бузуп койгон учурда атасы урушса “билбейм” деп кутулуп кеткен сыңары, министр да жаш баладай болуп билбейм менен кутулуп жүрүп көнүп калгандай. Министрдин орун басары пара менен кармалып жатса, кээ бир  саясатчылар премьер-министр кызматтан кетиш керек деп чыгышты. Себебин премьер-министрди өкмөттүн мүчөлөрүнө жоопкер, ошондуктан кызматтан кетпесе болбойт деп жатышат. Премьер-министрден мурун  “билбейм” деп кутулуп кеткен, түздөн-түз жоопкерчиликти министр Жамшитбек Калилов алсын. Өз министрлигинде эмне болуп жатканын билбеген  жетекчи  кызматтан кетиш керек. Бардык иш кагаздарына министрдин колу коюлуп, анан иш жүзүнө ашарын кимдер гана билбейт. Министрдин дагы бир кызматкери Бекмуратов боюнча сураганыбызда эч нерсе билбейм деп жооп берген, бирок бизге келген документтердин негизинде Бекмуратов боюнча билерин далилдеп бердик. Эмне боюнча сөз болгонун http://fakt.kg/?p=65982  шилтеме менен сайтка кирип окусаңар болот. Транспорт жана жол министрлигинде кандай адамдар иштеп жатканына күбө болосуздар.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы акчасы алынды (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful