Templates by BIGtheme NET

Урмат Самаев: “Чүй райондук жана Токмок аймактык ооруканасына капиталдык ремонт жасоо зарыл”

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Урмат Самаев Чүй райондук жана Токмок аймактык ооруканасына байланыштуу маселеге токтолду.

1967-жылдан бери иштеп келген Чүй райондук ооруканасы 60 миңге жакын калкты тейлегенин баса белгилеп, аймактык оорукана Токмок шаарына, Кемин, Ысык-Ата районуна жана коңшу Казакстандын Кыргызстанга жакын жайгашкан аймагына жардам көрсөтөөрүн кошумчалады. “Оорукананын инфекциялык бөлүмү 1998-жылдан бери иштебей келет. Имараттын абалы өтө начар болгондуктан, капиталдык ремонт жасоого муктаж. Андан сырткары, оорукананын жүк ташуучу лифти 1987-жылдан бери иштебейт. Операциялык блок 3-кабатта жайгашкандыктан, оорулууларды кабаттан-кабатка замбил менен көтөрүп которууга туура келип, кызматкерлерге кыйынчылык жаралууда. Ошондой эле Токмок аймактык ооруканасына да капиталдык ремонт жасоо зарыл. 2012-жылы салынганына 100 жыл болгон оорукананын эскилиги жетип, абдан начар абалда” – деген эл өкүлү Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, 2019-жылдын республикалык бюджетине Чүй райондук жана Токмок аймактык ооруканасына капиталдык ремонт жасоону киргизүү керек экендигин айтты.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Шамшиевдин унаасын уурдаганга шектүү кармалды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful