Templates by BIGtheme NET

Жол министрлигинде коррупция рак оорусундай тарап жатат

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси А.Бекмуратов боюнча кайрылуу келип түшкөн. Кайрылууда, А.Бекмуратов  2015-жылы бюджетке 1 миллион 800 миң сом чыгым келтиргендиги үчүн кылмыш иши козголуп кызматтан алынган. Козголгон кылмыш иши аягына чыкпай  кылмыш ишинин убактысы өтүп кеткендигине байланыштуу иш жабылган.  Ошондой эле, “Кемин”  өткөрүү бекетинде мыйзамсыз акча чогултулуп жатканы боюнча да айтылып жатат. Аталган агенттиктин жетекчиси болуп Бекмуратов 2017-жылы кайра кызматка келет. Бекмуратовдун кызматтан  кандайча кеткендиги тууралуу жана ага козголгон кылмыш ишине байланыштуу fakt.kgге кайрылуу менен бирге тийиштүү документтер келип түшкөн. Бир жактуу болуп калбаш үчүн эки тараптын тең жүйөөлөрүн тактап көрдүк.  Бул чуулгандуу ишинин чоо-жайын билүү үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловго жана  Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси А.Бекмуратовго кайрылып алардын бул иш боюнча өз пикирин уктук.

Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси А.Бекмуратов:

“Акчаларды мен төлөгөн эмесмин, күнөөлүү тарап төлөгөн”

“Башкы бухгалтер Сайбекова деген болгон, ал жанагы сумманы аныктап мага доклад менен келген. Иш группасын түзүп, материалдык бухгалтер Канджабаева күнөөлүү деп табылып, ошол миллион сомду кайра банкка төгүп койгон. Биз ал акчаны алып туруп, мамлекеттик бюджетке төктүрүп койгонбуз. Бул акчаларды Сайбекова таап чыгып, бүт калыбына келтирип берген.  Сайбекова экөөбүз 1 миллионду бир күндө аныктап, бир күндө кайра төлөттүрүп салганбыз. Сайбекова азыр иштебейт, негизи өзү кызматка келиш керек болчу. Анткени, Сайбекова бардыгын аныктап жатат да. Мындан башка мага доомат болгон эмес.  Мага кылмыш иши  да козголгон эмес. Ошол эле документтердин негизинде Жогорку Кеңешке, УКМКга, Каржы полициясына,  Өкмөткө, Президенттин аппаратына чейин кайрылышты, бардыгы текшерип чыкты.  Акыры Коопсуздук кеңешине берди, алар карап чыгып  Башкы прокуратурага өткөрдү, бүтүмүн жакын арада алабыз. Буга чейин Башкы прокуратуранын бул иш боюнча бүтүмү чыккан, экинчи текшерилбесин деп.

Ал эми, коомчулукка таратылган маалыматтар боюнча 2 миллион сом, 1 миллион 800 миң деп алмаштырып эле жатышат. 890 миңди сомду төлөгөн эмес деп да жатышат. Мунун баары төлөнгөн, болгону төлөнгөн эмес деген маалымат жүрүп жатат. Бул акчаларды мен төлөгөн эмесмин, күнөөлүү тарап төлөгөн”,- дейт Бекмуратов.

Ал эми Кеминдеги өткөрүү бекети  боюнча Каржы полициясы, УКМК, прокуратура текшерди. Агенттиктин Чүй аймактык башкармалыгынын өзүнүн жетекчиси бар, жумушка алып, жумуштан кетире турганда ошол.

Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин юристи  Орозалиев Таалайбек төмөндөгүлөрдү билдирди:

“15 киши эмес 55 киши бүт аймактык башкармалыктардан  кыскартылып кеткен. Негизги себеп менен Чүй аймактык башкармалыктын жетекчиси эле кеткен”- дейт юрист.

Жогоруда Бекмуратовдун өзү айткан сөздөрүнө жооп иретинде, бизге келген документтердин негизинде чындыгында кандай болгонуна көз салалы.

 Биринчиден, Бекмуратов айткандай,  материалдык бухгалтер Канджебаеванын каражаттарды которгондугу туурасында Сайбекова таап чыккан.

Бирок, документтердин негизинде карасак, Канджебаеванын №02-804 коштоочу катына Бекмуратов менен Сайбекованын өз колдору  коюлуп,  карталык эсебине 28-майда 2014-жылы 522 870 сом которулган.

Окшош материалдар:  Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген айыл өкмөтүн ким тыят...

Экинчиден, Бекмуратовдун бизге берген жообунда каражатты өзү төккөн эмес, аны күнөөлүү тарап төгүп берген.

Бирок , Кыргыз транспорт прокуратурасына Бекмуратов менен  Сайбекова экөө кайрылып, өз эрки менен мамлекетке 99 700 сом чыгымын кайрып бергендери боюнча түшүнүк кат жазып беришкен. Транспорт прокуратурасы тарабынан 2015-жылдын 9-августта кабыл алынган токтомдо жазылып турат.

Үчүнчүдөн, Анарбек Бекмуратов мага кылмыш иши козголгон эмес деп жатат.  Бирок, Бекмуратовго  карата КРнын  КЖКнин 1-бөлүмдүн 316 беренесинин (халатность) негизинде айып коюлган. Ал эми, 2016- жылы 12-апрелде УКМК тарабынан Бекмуратовго козголгон кылмыш иши,  кийин убакыттын өтүп кеткенинин негизинде токтотулган.

Төртүнчүдөн, Бекмуратовдун кызматтан эмне себеп менен кеткени тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин  мурдагы министри Аргынбек Малабаевдин да Бекмуратов боюнча пикирин уктук.

-Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси Анарбек Бекмуратовду эмне себептен кызматтан алгансыз? 

-Министр болуп турганымда Бекмуратовго карата  кылмыш иши козголгон болчу. Ал бухгалтерия менен бизде иштебеген адамдарга 2 миллион сом айлык которушкан, андан тышкары да иштери болгон.  Текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде кызматтан алганмын.

Бешинчиден, Сайбекова бул акча боюнча таап чыкты деп жатат. Бирок, Сайбекова өз түшүнүк катында,  “Бажы союзуна кирип жатканда жумуш көп болгондуктан, чарчагандыктан билбей которуп алдым” деп жазып берген.

 

 Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов:

“Жетекчилерин дээрлик бардыгын өкмөт башчы шайлап берет”

-Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси А. Бекмуратовга жана бухгалтер Сайбековага  карата  кылмыш иши козголгон. Бирок, А. Бекмуратов кайрадан  эле ошол кызмат ордун ээлеп отурат. Эмне себептен аны кайра кызматка алдыңыз? 

-Кылмыш ишинин козголгонун мен билбейм. Эгер кылмыш иши болсо, соттун чечими чыгыш керек эле да. Көп жылдан бери системада иштеген адам катары, системадагы маселелерди сыртынан эмес, ичтен билген кесипкөй адам катары,  биз мурдагы жылы мурунку жетекчисин кемчиликтери үчүн  кетирип,  Бекмуратовду кайра кызматка  алып келгенбиз. Бир гана биздин министрликте эмес, бардык эле жерде кадрларды тандоодо кадр жетишпегени бар да. Өз ишин билген, маселелерди өз убагында чече билген  мыкты кадрлар чындыгында Кыргызстанга жетишсиз. Министрликтеги агенттиктердин, ишканалардын жетекчилерин дээрлик бардыгын өкмөт башчы шайлап берет. Шайланып келгенде сөзсүз ал жерде, иликтөөлөр болуп кемчиликтери, жетишкендиктери сөзсүз түрдө каралат. Эгерде ал ушуга чейин соттошкон болсо, ал кызматка коюлмак эмес. Ошол убакта Бекмуратов боюнча маалымат болгон эмес, андай маалымат болбогондон кийин карабайм да.

-Бекмуратов менен сизди жакшы мамиледе жана жердеш экениңер айтылып жатат. Бул боюнча эмне айта аласыз?

-Бул андай эмес. Эгер мен жердешчиликке  карап,  алыс жакындыгына карап койсом туура эмес болуп калат. Анда мен мындай кызматта иштебешим керек.  Бюджеттик кызматтарга конкурс менен келет. Кызматкер алып жатканда ар тарабынан карап тандап алабыз.

-Сизге Кожомкулов Марат тарабынан Бекмуратов боюнча кызматтык кат келген экен. Бул боюнча эмне айта аласыз?

Окшош материалдар:  Жамшитбек Калилов: “Анда мен мындай кызматта иштебешим керек”

-Коллектив чоң болгондон кийин ар кандай кызматтык кат келет. Ар бир  тармакты көзөмөлдөп, ошолор менен иштешкен, менин орун басарларым бар. Кызматтык кат келсе, орун басарлар жана кадр маселеси боюнча  стат-катчы ошону иликтеп анан, сөзсүз жообу берилет.

-Ошондой эле, Кемин постунда 15ге жакын кызматкер ал жерде мыйзамсыз акча чогултуп жатканы боюнча түшүнүк каттарын жазып бергенден кийин кызматтан алыныптыр. Бул боюнча маалыматыңыз бар беле?

-Бул боюнча маалыматым жок. Эгерде ошондой маселелер болгон болсо кылмыш иши ачылыш керек эле. Ал эми Чүй аймактык башкармасынын жетекчиси текшерилип, комиссия карап чыккандан кийин кызматтан кеткен. Жөндөн жөн эч ким кызматтан кеткен жок. Бизде ушундай болуп калды,  өзүнүн кемчилигин сезбей, жалган жалаа жазган фактылар бар.

Жогоруда министрдин өзү айткан сөздөрүнө жооп иретинде, бизге келген документтердин негизинде чындыгында кандай болгонуна көз салалы.

Биринчиден, 2015-жылы  20-июндан баштап олуттуу жетишсиздиктерге жол бергендиги үчүн жана кызматындагы каталар үчүн Бекмуратов автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин жетекчилигинен бошотулган. Коллегиялык жыйындын №17- токтомунда жазылып турат.

Бекмуратов кандай негиздер  менен кызматынан бошотулгандыгын билип туруп, Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов, ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковго 2017-жылдын сентябрь айында  Бекмуратовду кайра агенттиктин директорлугуна алып келүүгө  сунуштама берген.

Бекмуратов агенттиктин директору болуп турганда (2014-жылдын 2-майынан, 2015-жылдын 27-июлга чейин)  агенттиктин бюджетине чоң чыгым келтирилген. Бул төмөндөгү материалдар менен тастыкталат.

  1. Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин бюджетиндеги каражаттарды  колдонуу боюнча аудитинин актысынын негизинде, 2014-жылдын 1-январдан 2014-жылдын 31-декабрына чейин эсеп палатасынын аймактык мамлекеттик инспектору С.Сарыбаевдин жүргүзгөн текшерүүсүнүн жыйынтыгында белгиленгендей 2015-жылы 11-февралында  №10500/12251  коштоочу документ менен мамлекеттик бюджетке  1001,0 сом кайтарылган. Аудиттин актысында жазылган.
  2. Экономика жана каржыны башкаруу башкармалыгынын кызматкери Ч.Карымшакованын ички аудит боюнча отчётунун негизинде, агенттиктин бухгалтериясында текшерүү жүргөн. 2015-жылы 4-августта “Бакай банкына бөлүнө турчу 1001,0 миң сом ашыкча каражат бөлүнгөн ”. Отчёттун көчүрмөсүндө жазылган.
  3. 2015-жылы 9-сентябрда “ Кыргыз транспортунун прокурорунун жардамчысы, юрист Сулаймановдун токтомунда  Себептерди четке чыгаруу жана кылмыштарды жасоого мүмкүнчүлүк түзгөн” деп көрсөтүлгөн:

Бирок, 2015-жылы  8-сентябрда  Бекмуратов жана Сайбекова тараптан Кыргыз транспорттук прокуратурасына мамлекеттик кирешеге чыгымдарды калыбына келтирип, 99700 сом  каражатын которуу боюнча кайрылуу келип түшкөн.

Ошол эле күнү Бекмуратов менен Сайбекова  өткөрүп берүү боюнча акт түзүшүп 99 700 сомду өз ыктыярлары менен, төлөп беришкен.

Демек акча алгандарын моюнуна алышкан.

2015-жылы 9-сентябрда  Бекмуратов менен Сайбекова өз ыктыяры менен Башкы прокуратуранын депозиттик эсебине которгон акча келип түшкөн.

Бул акча келтирилген чыгымды калыбына келтирүү максатта мамлекеттин эсебине которулган. Токтомдун көчүрмөсү жазылган.

  1. УКМКнын АКСнин катынын негизинде 2015-жылы 28-сентябрдагы аудиттик бүтүмүнүн 2015-жылдын 21-октябрындагы аудитор Качканаков жүргүзгөн текшерүүдө аныкталган: аудиттин жыйынтыгында чыгым белгилүү болуп жана бюджет каражаттарынын 1856.5 суммасы жоготулгандыгы (1089,4+702,7+64,4), алардын ичиндеги 1000,0 миң сом калыбына келтирилген. Ал эми 856,5 миң сом (89,4+702.7+64,4) күнөөлүү тараптан каражатты мамлекеттик бюджетке которуп берүү керек. Аудиттик бүтүмдүн көчүрмөсүндө жазылып турат.
Окшош материалдар:  Депутат: "Кыргызстанга пайда алып келбеген чет элдиктердин кыргыз жарандыгын кайтарып алыш керек" (Видео)

Көрсөтүлгөн 856,5 миң сумма  бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик бюджетке күнөөлүү тараптан которулуп бериле элек.

Башкы прокуратура 18.11.2015-жылы 11- ноябрда  КЖКнын негизинде кылмыш ишин козгогон.

Экинчиден, Бекмуратов боюнча эч кандай маалымат берилген эмес деп жатат.  Бекмуратов боюнча М.Кожомкулов тарабынан 01-17/641 номур менен министр Жамшитбек Калиловго кызматтык кат жолдогон. Ал катта Бекмуратов боюнча толук маалыматтар камтылган. Ал каттын айынан М.Кожомкулов кызматынан алынган.

Үчүнчүдөн, кызматтык катта көрсөтүлгөн өткөрүүчү бекетте мыйзамсыз жыйналган акчалар боюнча 15 кызматкериңиз түшүнүк кат жазып берсе да (түшүнүк катта өз колдору коюлган), алардын калпка чыгарып 15 адамды кызматтан кетирген. Анан, бул түшүнүк кат боюнча кабарым жок деп жатат.

Төртүнчүдөн, 15 адам кызматтан кеткенден кийин, ошондой эле мыйзамсыз акчалар чогулуп жатканын факс аркылуу министрликке кат келген. Ал акча чогулткан адам министрдин иниси болом деп өзүн тааныштырып жүрөт делет. Бирок кайрадан эле “Бекмуратовго карап чык деп “ министр өз колу менен виза коюп берген . Бекмуратов өзү кызыктар тарап болуп жатса, бул деген карышкырга кой кайтаргандай эле болуп жатпайбы.

Жыйынтыгында, министр Жамшитбек Калилов эч нерсени билбегенге чыгарып жатат. Анда, эмнеге министрликти башкарып жатат. Бекмуратовго болгон “чылбырын” берип койгон окшойт, билгениңди кыла бер деп. Бекмуратов болсо, Канджебаевга бардык күнөөнү коюп ага шылтап жатат, бирок ал акчалар которулган, билинип калып кайра мамлекетке төлөгөн учурда  Канджебаев Жол министрлигинде иштеген эмес. Бекмуратов менен Сайбекова өздөрү туура эмес которулган акчаны өз күнөөлөрүн моюндап, өз эрки менен прокуратурага түшүнүк кат жазып берип олтурушат. Эгер күнөөсү жок болсо, анда эмнеге банкка акчаны которушкан. Мамлекеттин чөнтөгүнө кол салган адамды, ал акчаны кайтарып берди деп кызматка алганды кандай түшүнөбүз. Булардын күнөөсү сотто далилденсе дагы, соттун  чечимин уруп ойношпойт.  Министрликте мыйзамсыз иштер болуп жатканы боюнча кызматтык кат жазып олтурса, кат жазган адамды кайра кызматтан алганын кандай түшүнөбүз. Акыркы убакта кызматта олтургандар өз жөнүндө маалымат чыкса эле жалган, бирөөнүн кызыкчылыгы деп элди алдап келишет. Жогоруда министрдин, Бекмуратовдун өз ооздорунан чыккан маалыматтар, ал эми аларга укук органдарынын изилдеп чыккан документинин негизинде жооп кылдык. Президент Сооронбай Жээнбеков мурда жабылган кылмыш иштери кайра каралып чыгыш керек деп айтты эле, эми бул жарыяланган материалдын негизинде кайра кылмыш иши карап чыкса болчудай. Эгерде, айтылгандарды дагы калпка чыгаргысы келсе, анда сотко кайрылышса болот. Негизинен эле, бул министрликтин айланасындагы айтылган сын пикирлер дыкат иликтенсе, олчойгон акчалар чыкчудай. Мына министрдин орун басары бир эле тендерден  520миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул билингени эле болсо керек, билинбегени канча.

Fakt.kg редакциясы тиешелүү органдарга жогоруда айтылган документтерди берүүгө даяр!

fakt.kg

 

 

 

 

One comment

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful