Чүйдө аялдамада турган окуучуну жүк ташуучу унаа сүзүп кетти (Видео 18+)

9

Чүй облусуна караштуу Ленин айылында жүк ташуучу унаа окуучу кызды сүзүп кетти. Кырсыктын жыйынтыгында, окуучу каза болду. Бул тууралуу аталган облустун ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон кыз аялдамада турган. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу казак жараны, анын унаасы дагы Казакстанда катталган. Айдоочу кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Видео:Борис Иванов

fakt.kg