Templates by BIGtheme NET

Башкы прокуратура жазага тартыла турган аткаминерлердин тизмесин ачыкка чыгарды

Башкы прокуратура  “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык киреше жөнүндө декларацияны туура эмес толтурган  жана декларациясын тапшырган аткаминерлерди текшерди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 15 прокуратура кызматкери жана 11 Тышкы иштер министрлигинин кызматкери жоопкерчиликке тартылсын деген чечим чыгарылган.

Бирдиктүү декларация тапшырууда Тышкы иштер министрлигинин бир катар кызматкерлери мыйзам бузган. Алар:

-Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу жана анын орун басарлары;

-Кыргызстандын Бириккен арап эмиратындагы элчисинин кеңешчиси, үчүнчү катчысы, элчиликтин башкы адиси;

-КРнын Германиядагы элчисинин кеңешчиси, консулдук кызмат департаментинин үчүнчү катчысы.

Ошондой эле, Кадамжай районун акими, Баткен шаарынын мэри, Өзгөн районунун мурунку акими, Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткен облусу боюнча атайын өкүлү, БШКнын Ак-Суу, Ноокат, Таш-Көмүр аймактык атайын өкүлдөрү Административдик жоопкерчиликке тартылсын деп айтылган.

Мындан тышкары, бир катар прокуратура кызматкерлеринин да бирдиктүү декларация тапшырууда мыйзам бузгандыгы аныкталган. Алар:

-Бишкек прокуратурасынын бөлүм башчысы Медеркулов У.Т.

-Бишкектин Ленин райондук прокурорунун улук жардамчысы Жапаркулова У.А.

-Чүй районунун прокурору Алимов К.М.

Чүй облустук прокуратурасынын адиси Алимбаев Ж.М.

-Чүй райондук прокуратурасынын адиси Джумалиева З.А.

-Ысык-Көл облусунун прокурорунун улук жардамчысы Осмонов У.С.

-Ысык-Көл облустук прокуратурасынын башкы прокурору Айтбаев К.А.

-Түп районунун прокурору Урдалетова Э.Б.

-Түп районунун прокурорунун орун басары Адылбеков И.Т.

-Каракол шаарынын прокурорунун жардамчысы Токторбаев А.А.

-Түп райондук прокуратурасынын адиси Бектурсунова А.Б.

-Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун прокурору Каримов А.К.

-Талас облусунун Манас районунун прокурору Заиров Ж.М.

-Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарынын прокурору Сооромбаев М.Д.

-Башкы прокуратуранын жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башкы адиси Увалиев А.К.

Окшош материалдар:   Ирина Карамушкина УКМКдан акыл сурап калды

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful