Templates by BIGtheme NET

Хабиб Нурмагомедов Тина Канделаки менен учурашуудан баш тартты (Видео)

Белгилүү Россиялык мушкер, UFCнин чемпиону  Хабиб Нурмагомедов “Khabib Time”  автобиографиялык китебинин бет ачаарын 26-ноябрда Москва шаарында өткөрдү.

Китептин бет ачаарын бегилүү телеалыпбаруучу жана журналист Тина Канделаки алып барды. Ал Хабибди сахнага чакырып, учурашуу иретинде колун сунганда, мушкер алигин албай койгон. Хабибдин мындай кылганы көпчүлүктүн көңүлүнө толбой социалдык тармактардан ар кандай өңүттө сындап да, колдоп да  жатышты.

Алып баруучу Тина Канделаки бул тууралуу инстаграмм баракчасында жакшы түшүндүрмө берип кетти.

“Кол алышуу көпчүлүктү сарсанаа кылып кетти. Ошондуктан, бул салттын бар, жогун  териштирип көрүүнү чечтим. Эгерде мен элдин көзүнчө Рамзан Кадыровго колумду сунсам, ал сыйлагандыгын билдирип дайыма жооп иретинде колун сунат. Бирок биринчилерден болуп колун сунбайт. Акыркы күндөрү кимге кол алышуу маселе өтө маанилүү болуп калса анда, исламда бул кыймыл аракет кандай экендиги боюнча түшүндүрмө берем… кол алышуудан баш тарткандыкты сыйлабастык деп баалабаш керек… келгиле ар бир адамды өзүнө жооп бергенге мүмкүнчүлүк беребиз”- дейт Канделаки.

Алып баруучунун жогорудагы постуна мушкер мындайча жооп берген, “Тина, сизге колумду бербегендигим, бул сизди сыйлагандыгым болгон. Кандай жагдай болбосун, бир нерсе туура эмес болсо, кечириңиз” деп жооп кайтарган.

Буга чейин да мушкер, күйөрмандар кыздарынын бири келип сүрөткө түшөйүн дегенде, үстүңүзгө бир нерсе жаап алыңыз деген эле.

Мушкердин мындай тарбиясы жана исламдын принциптерин кармангандыгын көпчүлүк светтик россиялыктар түшүнө албайт. Бирок кандай гана болбосун, бүгүнкү күндө ал бир гана Россиянын эле эмес, дүйнөнүн мыкты мушкери экендиги талашсыз. Хабибдин өзүн алып жүрүүсү көпчүлүк мусулман бир туугандарга үлгү!

fakt.kg

Окшош материалдар:  Алматы облусундагы базарда өрт чыгып, 40тан ашык контейнер күйүп кетти

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful