Templates by BIGtheme NET

Юрист: “Гейлердин укугун коргомок тургай, атын уккум келбейт”

Өлкөбүздө акыркы күндөрү элибиздин укуктук маселелери күндөн-күнгө курчуп  бара жатат десек жаңылышпайбыз. Мындай учурда укуктук жактан билими бар адистерибиз коомчулуктун көйгөйлөрүнө кайдыгер карабай укуктук жактан бекер маалымат берип,  карапайым калкка жардамын аябаган  атуулдарыбыз арабызда жок эмес. Алардын бири юрист Кутман Медетбеков менен fakt.kg маектешип,  акысыз онлайн юрист  кызматы тууралуу жакындан билди.  

Кутман мырза, алгач ишмердүүлүгүңүз тууралуу айтып берсеңиз? Элге  бекер кеңеш берүүңүзгө  эмне себеп болду?

Бүгүнкү күндө Ош шаарында “Академик” юридикалык компаниясында башкы юрист болуп иштейм. Акысыз укуктук кеңеш берүүмө эмне себеп, эмне түрткү  болгонун деле билбейм, бул ой жөн жерден эле жаралды. Интернет тармактарынан  онлайн юрист деген сайттар бар экенин көрүп калдым, аталаган сайттарга  юридикалык  маселеңизди жазып калтырып,  жана юристтен кеңеш алуу үчүн кезекке турат экенсиз. Ушундан улам, элибиздин көпчүлүк бөлүгү азыркы учурда социалдык тармактарда отурушкандыктан, интернет аркылуу жардам көрсөтөйүн деп чечкем. Ошол күндөн тарта онлайн юрист деп номеримди калтырып, элге акысыз укуктук кеңеш берип келем, буюрса бул иш токтобойт!  Акысыз берген укуктук кеңешим  аркылуу эли-журтума кичине болсо да салымым кошулат деген ойдомун. Бул ишимен  эч кандай материалдык пайда көрбөйм, а  бирок билим жагынан эбегейсиз чоң пайда көрүп жатам. Себеби ар бир суроого мыйзамдарды карап жөнөкөй сөз менен жеткирем, изилдеп окуганым мага да, элиме да пайда алып келүүдө.

Сиздин фейсбуктан жазган постторунуздан улам нике келишимин колдоорунузду байкадым. Нике келишими бүгүнкү күндө кыргыз элине керек деп ойлойсузбу? Биздин менталитет буга карама-каршы келбейби?

Жеке мен нике келишимин колдоймун. Нике келишими боюнча КРнын үй бүлө кодексинде көрсөтүлгөн бирок бул бөлүмгө мен такыр көңүл бурган эмес болчумун. Онлайн юрист акысыз укуктук кеңеш кызматын ачкандан бери мага мага кеңеш сурап  кайрылгандардын 95% ажырашкан, алимент өндүрө албай жаткан, балдары менен үйүнө же кайын журтуна батпай кыйналган аялдар жана бирге салган үйүн бөлүшө албай жаткан жубайлар. Мага көптөгөн жүрөктү эзген суроолору менен, чалып алып   шолоктоп ыйлаган аялдар кайрылды. Ошондо менин оюма аялдардын укуктарын кантип коргоо керек, ажырашууну кантип алдын  алуу керек деп, ошонун тегерегинде ойлонуп, бул маселе чет өлкөдө кандай чечилет экен деп изилдене баштадым. Бир күнү интернеттен “брачный контракт” деген жазууну окуп калдым, аны окусам биздин мыйзамда көрсөтүлгөн нике келишими экен. Ошондо сотторго кайрылдым,  ажырашып жаткан жубайлардын ортосунда нике келишими бар тарап катталдыбы десем, ажырашуу учурунда эч ким  нике келишимин көрсөтүшкөн эместигин айтышты. Ошондон кийин нике келишими бизге абдан керек экенин түшүндүм. Нике келишими биздин менталитетке туура келет,  себеби биздин өлкө укуктук өлкө.

Окшош материалдар:  Бишкек мэриясына 8 компания автобус сатууга даяр

Өзүңүз да үй-бүлөлүү адам экенсиз, сиз да нике келишимин түзүп туруп үйлөндүңүзбү?

Кудай сактасын! Нике келишимине күнүбүз түшпөйт буюрса. Жеке мен аял затын урматтайм.

Акыркы күндөрү гейлер(ЛГБТ) Кыргызстанда көбөйүп жаткандыгы белгилүү.  Акыркы учурда алар күч органдары тарабынан  кордуктарга дуушар болуп жатышкандыгын айтып чыгышууда. Алардын укугун коргоо керек деп ойлойсузбу?

Кечиресиз ушул “гей” деген сөздү уккум жок. Мисалы:  мыйзамдарда адам укугу, үй-бүлө укугу, балдар укугу, аял укугу, жаныбарлар укугу дегендер бар. Бирок “гейлер укугу”  деген түшүнүк жок. Гейлердин укугун коргойм деп акча алгандар,  коргой берсин! Жеке мен “гей”  деген жандыктын укугун коргомок түгүл атын уккум келбейт.

Сиздин ишмердүүлүгүңүздө  адаттан тышкары, таң калтырган кандай окуя болду эле?

Түнкү саат 12-1лерде суроо жазып эртеси эрте менен жооп бере албай калсаң, “эмне юрист болуп жүрөсүңөр”  деп , кеңеш берүүгө мени милдеттендирип койгондоруна,  урушкандарына таң калам.

Сизге кайрылгандар көбүнчө кайсы маселе менен кайрылышат?

Үй-бүлөлүк маселелер боюнча  көп кайрылышат. Кандай жол менен ажырашам, кантип  алимент өндүрөм, мүлктү кантип бөлөм деген сыяктуу. Башында жер маселеси,  эмгектик маселе келишимдери боюнча  укуктарын билүү үчүн кайрылышат болуш керек деп ойлогом.  Бирок биздин калкка дале болсо укуктук маалымат жете элек экен.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда аялдардын укугу канчалык деңгээлде корголуп жатат?

Эгерде аялдардын укугу корголгондо аялдар ыйлап кайрылбайт эле.

Элибизди укуктук жактан билим деңгээлин жогорулатыш үчүн эң биринчи эмне кылуу керек деп ойлойсуз?

Укуктук маалымат берүү керек, тактап айтканда өздөрүнүн укуктарын окутуу кажет. Мисалы:  мен акысыз укуктук кеңеш берүүм, бул да

укуктук маалымат берүүгө кирет. Мындан тышкары дагы башка жолдорун кароо абзел.  Чет өлкөлүк “НПОлорсуз”  эле өз элибиздин укугун, өзүбүз эле окутуп  үйрөтүп койсок болот. Ал үчүн каражат эмес, каалоо керек.

Окшош материалдар:  Чоро Думанаев, КРнын Эл артисти: “Кайненемдин үйүндө квартирант болуп жашайбыз”

 

Алина Керимбекова

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful