Templates by BIGtheme NET

Чоро Думанаев, КРнын Эл артисти: “Кайненемдин үйүндө квартирант болуп жашайбыз”

 

          Бүтүндөй өмүрүн театрга арнап, кыргыз киносуна да, театрга да чоң салым кошуп, бир канча образдарды жараткан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Чоро ДУМАНАЕВ бүгүн бизде конокто. Агай менен театр көйгөйү, жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу кеп кылдык.

— Театрга болгон кызыгууңуз качан башталган? Бала кезиңизден актер болсом деп кыялданчу белеңиз?

— Өзүм Нарын облусунун Миң-Булак деген айылында туулуп өстүм. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз, эки уул, эки кыз. Агам, Кыргыз Эл артисти Асанкул Осмонов мени он жашымда эле колуна алып, ошол агамдын берген тарбиясы менен өстүм. Бала кезде театрдын короосун айланып эле ойноп жүрчүбүз. Агам чыгармачыл адам болгондуктан ошол кездеги залкар адамдар үйдөн үзүлчү эмес. Аларга чай куюп берип жүрүп чоңойдум. А кезде бүт өмүрүмдү киного, театрга, чыгармачылыкка арнаарымды билбесем керек да. Он жашымда “Космонавт” деген тасмага тартылып дебют жасагам. Менин чыгармачылыгымдын башаты мына ошол тасмадан башталган десем жаңылышпайм. Андан кийин не бир кыргыз фильмдерине тартылбадым. Тартылганда да жалаң залкар актерлор менен бир тасмада ойногон бактылуу адам экенмин.

— Театрда, кинодо бир топ мыкты образдарды жараттыңыз. Өзүңүздүн көңүлүңүзгө толуп, эң кызык болгон ролуңуз кайсы?

— Актер үчүн ар бир ойнолгон роль жаңы балалуу болгондой да. Мага эң кызыгы ойноло элек ролдор. Ошол каармандардын ролун жаратсам кандай болмок деп көп ойлоном. Ал эми театрда жараткан образдарымда көп эле кызыктуу учурлар болгон. Мисалы, “Ак Кеме” тасмасындагы Кулубектин ролун аткарганда көп кызыктуу учурлар болгон. Ошондогу бир окуя эч эсимден кетпейт. Жанагы Орозкул Момун чалды чапканда “Айбан экенсиң!” деп айтат эмеспи. Ошол жеринде бир топко чейин ролго кире албай кыйналышкан. Анан Болот Шамшиевдин жини келип, “Катуу, катуу эле тий да ары!” деп кыйкырганда Орозкул абышкага барып бир тиет, ал ызаланып “Айбан экенсиң!” деп туруп басып кетет. Момун чалдын ролундагы Асанкул менен эртеси Орозкул Кутманалиев саламдашса, таарынып салам албай коюптур. Ошондо араң таарынычын жазган элек. “Эмне, Шамшиев өлтүр десе өлтүрөсүңбү?!” деп кыйкырганын эч унутпайм.

Окшош материалдар:  Юрист: “Гейлердин укугун коргомок тургай, атын уккум келбейт”

–Сиз бүтүндөй өмүрүңүздү театрга арнап эмгектендиңиз. Театрды түптөп кеткен актерлор жана азыркы жаштар менен да иштешип жатасыз. Айтсаңыз, сиз жаш кездеги театрдын абалы азыр кандай?

— Бүгүнкү күндө ар бир театр өзүнүн абалына жараша оокатын кылып жатат. Азыркы театр менен мурунку театрды салыштырып болбойт. Анткени, мурункудай драматургия жазылбай калды. Анын эң негизги себеби, баягы эле акча каражатына келип такалат. Драма жазуу көп мээнетти, чоң эмгекти талап кылат. А көңүл буруу жок болсо, же каражат жетишпесе драматургдарыбыз убактысын коротуп, мээсин эмнеге оорутмак эле.

— Мамлекет тарабынан маданиятка көңүл бурулуп жатабы? Кандай ойлойсуз?

— Учурда мамлекет тарабынан маданиятка эч көңүл бурулбай келет. Драматург Токтогул Абдумомунов: “Маданиятка көңүл бурбаган мамлекет, ал маданиятсыз мамлекет” деп көп айтчу. Чынында маданият өнүкпөсө, мамлекет өспөйт да. Мурда маданият кызматкерлерине жакшы көңүл бурулуп, эрте эле үй-жайлуу болуп калышчу. Азыр болсо андай нерсе жок. Эмгекке ынтызаар, таланттуу жаш актерлорубуз үй-бүлөсү, эки- үч балдары менен театрдын жатаканасында жашап келет. Ооба, “ипотека” деген түшүнүк чыкты. Биздин кенедей айлык менен ипотекага үй ала алышпайт да. Үй беришсе да алыс кичи райондордон беришет. Алган айлыгыбыз жолго эле кетип калат окшойт.

— Демек, драмалар жазылбай, мамлекет тарабынан көңүл бурулбай жатса театрдын абалын бир топ эле оор десек болобу?

–Уильям Шекспир: “Дүйнө бул театр, биз андагы артистербиз” деп айткандай эле жашоонун өзү театр. Анын ичинде жакшы-жаманы, боорукер-ташбоору, акылдуу-акылсызы бар. Жаман менен жакшы өмүр бою күрөшүп келген жана күрөшө берет. Балким, жашоо ушунусу менен кызыктыр. Театр болсо ошол жашоодо болуп жаткан нерселерди тирүү чагылдырат. Адам менен каарман тирүү кезигет. Ошон үчүн театр азыркыга чейин өлбөй тирүү жашап жатат жана жашай берет. Миллион жылдап келе жаткан театр өлбөйт. Кинодон, теледен эл тажайт. Ал эми театрда өйдө-ылдый болушу мүмкүн, бирок өлбөйт. Театрдын касиети ушунда.

Окшош материалдар:  Кыргызстан менен Россиянын мушкерлеринин ортосунда чыр-чатак чыкты

— Өзүңүз айткандай, драмалар жазылбай жатса анда театрдын репертуары негизинен жаңырбай жатабы? Мурун коюлган котормолор, классикалар эле кайталанып коюлуп келеби?

— Муун алмашкан сайын репертуарды кайрадан жаңыртып коюп туруш керек. Театрда котормолор да, классикалар да коюлууда. Мына Айтматовдун чыгармалары да акырындан классикага айланып келе жатат. Заман өзгөрүп жатат, а жашоо классиктер жазгандай ошол эле бойдон. Баягы эле жакшылык менен жамандыктын, боорукер менен ташбоордун күрөшү дегендей.

— Демек, театрдын репертуарында коюлган спектаклдер эскирбейт экен да…

— Заман өзгөрүп, муун алмашып жатат. Технология өнүктү, жашоого болгон көз караш өзгөрдү. Мисалы, биз Чыңгыз Айтматовдун баардык чыгармаларын өз көз карашыбызга жараша койгонбуз. Жаштар өсүп жатат, алар да өз көз караштарына ылайык коет.

— Көпчүлүк артистер улуу муундун өкүлдөрүн “театрдын фанаттары болушкан” деп айтып келишет. Азыркы күндө театрдын фанаттары барбы?

— Албетте, театрды жанындай көргөн фанаттар бар. Театрды сүйгөн жаш артистерибиз маянанын аздыгына карабай батирде жашап, мыкты образдарды жаратып жатышат. Буларды театрдын фанаттары деп айтпаганда кимдерди айтабыз.

— “KG групп” компаниясынын президенти Имамидин Ташов сизге үй бердим деп жүрдү эле го. Ошол үйдү чын эле алдыңыз беле?

— Ооба, Имамидин бир бөлмөлүү квартиранын ачкычын колума берген. Документтери деле бар. Албетте, бергенине ырахмат. Бирок, ал үй толугу менен бүтө элек экен да. Анын баарын өзүң жасашың керек экен. Алган кенедей айлыгым менен кантип бүтүрөм ошого таң калып жатам. Анын үстүнө ал үйдө лифт да ишке бериле элек. Жашоочулар толук киргенден кийин лифт берилет турбайбы.

— Азыр кайда жашап жатасыз?

— Жубайым Аиданын апасы бар. Ал киши убагында заводдо иштеп жүрүп, Ош базарынын айланасынан үй алган экен. Кайненем: “Үй алгыча ушул үйдө жашап тургула”,- дегенинен жатаканадан ошол үйгө көчүп кеткенбиз. Башкача айтканда, кайненемдин үйүндө квартирант болуп жашайбыз. Өзү кайнатам Болот Бейшеналиевдин үйүндө жашайт.

Окшош материалдар:  Бишкекте көчөдө уктап жаткан жарандын чөнтөгүнөн 400 миң сомго жакын акча табылган

— Учурдагы кайсы көрүнүш сизди капалантат?

— Акыркы кездерде көчөдө кетип баратып элдин жүзүнө көп көңүл бурчу болдум. Карасаң элдин баары ойлуу, кандайдыр бир сарсанаа бардай кейиптенет. Мурунку биз жаш кездегидей ажарлуу жүздөрдү жолуктура албайм. Эң негизгиси бүгүнкү жаштар китеп окубайт. Ушул нерсе мени абдан капалантат. Илгери биз жаңы китеп чыктыбы, сөзсүз таап алып окучубуз. Окуп гана тим болбой, аны ийне-жибине чейин талдап, тереңдеп түшүнгөнгө аракет кылчубуз.

— Жаштар интернеттен эле баарын окуп алышат. Бардык нерсенин жеңил жагына карап жатышпайбы…

— Туура айтасың, азыр компьютер деген балээ чыкты. Интернеттен эле китептин эмне жөнүндө жазылганын билип алышат, болду. А биз болсо аны окуп гана тим болбостон анализдеп,  ар бир каарманга мүнөздөмө берчү элек да.

— Кинодо, сахнада азыркыга чейин роль жаратып келесиз, арманыңыз жок болсо керек?

— Кудайга шүгүр, жок. Кино жана театрда кичинекей баладан тарта аксакалдарга чейин ойнодум. “Баланча образды жарата албай калдым” деген өкүнүч жок. Себеби, баардык жанрда өзүмдү көрсөтө алдым деп ойлойм.

Анара КАРЫПБЕКОВА, “Параграфф” гезити

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful