Өкмөттүн курамын өзгөртөм деп Абылгазиев өзү “өзгөрүп”  кетпейби…

7

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Өкмөттүн азыркыдай курамы менен эффективдүү иштөө – оор” деп билдирди.

Депутат Жанар Акаевдин  «2019-жылы министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртөсүзбү? » -деген суроосуна.  Өкмөт башчы «Өкмөттүн түзүмүндө өзгөрүүлөр болот, бирок жаңы жылдан кийин деп так айта албайм. Ошентсе да сөзсүз өзгөртөбүз. Менин жеке пикиримде, жаңы эффективдүү түзүм иштеши керек», -деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрди жана өкмөттүн түзүмүн  өзгөртүүдөн Кыргызстан “мастер-класс” көргөзсө болот. Өзүлөрү мактап, аке-жакелеп жатып алып келген курамына, өзүлөрү нааразы болуп кайра алмаштырабыз деп, ишин көргөзгөнчөктү акырын алып коюшат же такыр өзгөртүп жиберишет. Алардан мындай кадамдарын такап сураганда, кыйратып деле жооп беришпейт. Өкмөт өзгөрө берип жоопкерчиликти эч ким албагандыгы өкүндүрөт. А бул жакта эл болсо адатынча  күтүп отура берет, качан «өкмөт аке» жыргатат болду экен деп?  Өкмөтүбүз гүлдөп иштеп кете албай жатканынан улам, өкмөтүбүздүн баскан жолу оор окшойт деген да ойго кептелет экенсиң.

fakt.kg