Templates by BIGtheme NET

Абдымалик Мырзаев: “Кыргызстан Кытайга болгон карызынан улам көп жерлеринен айрылып калышы мүмкүн”

Кыргызстандагы бүгүнкү саясий, экономикалык абалы туурасында fakt.kgге Улуттук Банктын мурунку орун басары жана “Народный фронт” коомдук бирикмесинин төрагасы Абдымалик Мырзаев маек куруп берди.

 

-Бүгүнкү күндөгү экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Сооронбай Жээнбековдун тирешүүсүнүн себептери эмнеде деп ойлойсуз жана  кандай баа бересиз?  

-Бул тирешүү мурда эле башталган деп ойлойм. Экс-президент  өзү деле тастыктап жатат. Акыркы президенттик шайлоодо мыйзамсыз каражат колдонулган деп.  Атамбаев шайлоонун башында таза шайлоо өткөрөм,  таза адамдар келет деген. Бирок мындай болбой эле такыр башка нерселер болуп жатат. Дагы эле ошол элдин добушун сатып алып, административдик ресурсту пайдаланып, элди-коркутуп үркүтүү болуп жатат. Азыркы  президентибиз деле  коррупция менен күрөшөм, башка жакшы иштерди жасайм деп аракет кылууда. Бирок иш-жүзүндө болбой жатат. Экөөнүн тирешүүсүнөн улам көп коррупциялык схемалар ачыкталып жатат.  Ушундай маалыматтар чыккандан кийин парламенттеги депутаттар комиссия түзүп ошону изилдеп, тастыкталгандан кийин Башкы прокуратурага кылмыш ишин козготтуруп, анан  БШКга шайлоо мыйзамсыз деген чечим чыгартыш керек. Бийлик накта элдин кулу болгондо,  конституциялык палата эки президентке тиешелүү кылмыш ишин козгомок. Бул кыргыз элинин конституциялык укугу бузулуп, чоң мамлекеттик кылмыш иш болуп жатат. Элди алдап ыплас шайлоолорду өткөрүп, ыплас адамдарды алып келди деген жыйынтык болуп жатат.

-Кыргызстандын азыркы учурдагы коопсуздук абалына кандай баа бересиз?

-Биринчи коопсуздук маселеси бул экономика.  Анткени Кыргызстандын сырткы карызы күндө-күнгө көбөйүп бара жатат. Бул тууралуу эч ким ойлонгон жок. Эгер ушул жол менен кете берсек жакынкы арада Кытай Кыргызстанга карыздын негизинде талаптарды коюп, көп жерлерибизден айрылып калышыбыз мүмкүн деген маселе турат. Экинчи коопсуздук маселеси бул дин.  Атамбаев биринчи баштады “кудай буюрса”  деп жатып,  бийлик кудайга шилтеп атып  көп туура эмес иштерин жүргүзүп койду. Кыргызстанда ошол эле мектептер жетишпейт, бирок мечиттер көбөйүп кетти. Жаңы президентибиз ачык эле айтып жатат, мечиттин көп болгону  жакшы, адам ыймандуу болот деп. Бир четинен туура адамдар ыймандуу болуш керек. Бирок ошол эле ыймандуу адам,  илимдүү, билимдүү да болуусу кажет.  Анан билими жок болуп туруп, ыйманды эмне кылат? Азыркы адамдардын көбү бир нерсе болсо эле куранга жамынат. Куранды жакшы түшүнбөй  радикалдуу ислам мамлекетине айланып бара жаткандайбыз.  Үчүнчү маселе бул  коррупция.  Президент коррупция менен күрөшөм дейт.  Коррупцияны бир жылдын ичинде жоготуш деген өтө эле кызык нерсе, муну керек болсо Сталин 24 сааттын ичинде жок кылган. Коррупцияны жоюу бул абдан тез иш! Жөн эле убакытты чоё бербей, тез жасаш керек. Президент келээри менен экономиканы баш-аягынан ревизия жасаш керек эле. Ошол эле аткаминерлердин байлыгын текшерип, бир күн ишкерлик  кылбай укмуш үйлөрдө жашап, кымбат баалуу унааларды айдашат.  Коркпостон ошонунун баарын текшериш керек эле. Акаевдин, Бакиевдин тушунда байыган, элди талап-тоногон аткаминерлердин бардыгын жоопко тартыш керек болчу. Азыр Бакиевдин тушундагылар бардыгы бийликте.

Окшош материалдар:  Райымбек Матраимовдун мүлктөрүн текшерүү сунушталды

-Кыргызстандын экономикалык абалы начар деп жатасыз, экономикалык абалды кантип жөнгө салыш керек ?

-Биздин экономикабызда импорт менен экспорттун айырмасы 3-4 эсе болуп кетти. Мындайча айтканда көп товарларды өлкө ичине киргизебиз, ал эми сыртка чыккан товарларыбыз аз. Ошондуктан ким болбосун экономикабызды тереңден анализдеп чыгыш керек. Мындан тышкары, кыргыз ишкерлигин колдоп,  көзөмөлдөй турган  чечкиндүү кадамдарга зар болуп жатат. Пландуу экономикага өтүү кажет.  Бийлик элди канча жолу алдады. Президентибиз Өзбекстан менен мамиле жакшы бекемделди,  картошка сатабыз жана башкаларды сатабыз деп жатып,  эл айдаган картошкасын сата албай, баасы  4-5 сомго түшүп кетти.  Бажы биримдигине кирсек жашообуз укмуш оңолот,  сырттан келген машиналарды Евро биримдигиндеги  өлкөлөрүнө сатабыз деп жатып банкрот болдук. Буга ким жооп берет?  Мамлекетибиз ошол эле мамлекеттик ишканаларды иштете албайт. Асылбек Жээнбеков мамлекеттик ишканаларды сатыш керек деп сунуштап жатат. Менимче  бул акылсыздык. Элди ойлобогон бийликтин чечими.  Эгер элди ойлогон бирөө жан болсо, мамлекеттик ишканаларды банкрот кылбай иштетмек. Кыргызстанда жада калса ичимдик чыгарган мамлекеттик ишканалар иштетилбей сатылып кетти, бул өтө уят. Экономиканы көтөрүш үчүн эң биринчи күчтүү жана таза команда керек.  Бийлик элдин алдындагы жоопкерчилигин сезиш керек. Программаны президент же премьер-министр жазбай, эл жазып тапшырма берүүсү керек, ушул жылы ушул нерсени аткарасыңар деп.  Жогору жактагылар программасын сунуштай бергени менен эртеңки күнү эмне кылаарын билбейт.

-Президент Сооронбай Жээнбековдун кадрдык саясатына берген бааңыз?

-Кытайдын улуттук идеологиясы, улуттук концепциясы бар. Ошонун ичинде мамлекеттик аткаминерлерге 100дөн ашык талабы көрсөтүлгөн. Анда бийликке бара жаткан аткаминер билим деңгээлинен баштап, тажрыйбасына чейин туура келүүсү зарыл. А бизде баягы эле тааныш-билиш болуп жаткандыктан, жыйынтык жок болуп жатпайбы?  Ошондуктан,  биз эң биринчи тажрыйбалуу бийликти түзүшүбүз керек, ал үчүн кадр саясатын түп-тамырынан бери алмаштырышыбыз абзел. Таза билимдүү адамдар таксист, кароолчу болуп иштеп жүрүшөт, а бийликти болсо спортсмендер, криминал башкарып жатат.  Ушундан улам биз ушундай оор акыбалга келдик.

Окшош материалдар:  Абдыгуловдун акылы алтынданбы...

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful