Templates by BIGtheme NET

“Сексуалдык ыдыктын айынан кызматтан кеткениме өкүнөм”

Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева ак үйдүн   лифтинен ага бейтааныш киши ыдык көрсөткөндүгү тууралуу өзүнүн твиттердеги баракчасына жазып чыккан.   Ошондой эле, аталган киши өз жазасын алаары айтылган. Депутат айымды тааныбай ага ыдык көрсөткөндөн кийин катардагы айымдарды коопсуздугу күмөн санатпай койбойт экен.

Мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп  жетекчисинин  ыдык көрсөтө бергенине чыдай албай кызматымдан өз эрким менен кеткем деген Назира аттуу айым (аты өзгөртүлдү)  fakt.kgге өз башынан өткөргөн окуясын айтып берди.

Мамлекеттик кызматта иштеп ал жактан жетекчисинин  ыдык көрсөтө бергенине чыдай албай кызматымдан өз эрким менен кеткем деген Назира аттуу айым (аты өзгөртүлдү)  fakt.kgге өз башынан өткөргөн окуясын айтып берди.

“Бала чагымда борборго барып билим алсам экен деген кыялдарымдын бири эле. “Пенденин оозундагы, Алланын кулагында” дегендей менин кыялдарым биринин артынан бири  орундала баштады. Алгач мектепти ийгиликтүү аяктадым, андан соң өзүм каалап келген кесипке жана ЖОЖго тапшырдым. Студент кезимде да көптөгөн  ийгиликтерди багындырдым. Убакыттын өтүшү менен окуумду да кызыл диплом менен аяктап, кесибим менен каякта иштейм деп тайсалдабай,  келечегимди кеңири көрө баштадым. Бирден-бир кыялым бул  жогорку  мамлекеттик кызматтардын биринде иштөө эле. Ошентип, отуруп ата-энем тааныштары аркылуу даражалуу мамлекеттик кызматтардын бирине жумушка орноштуруп койду. Ошол учурда кандай бактылуу болгонумду сөз менен жеткире албай турдум. Эңсеген кызматыма жетип, кызыгуу менен иштей баштадым. Ал эми  жетекчим болсо  50 жаштардагы таанымал эле адам болчу. Алгачкы күнү ал мага өтө жылуу мамиле жасап баштаган болчу, бирок андай мамилесин эч жаман ойлогон эмесмин.  Күндөгүдөй документтерге кол койдуруу үчүн жетекчиме кирдим, жанына барып документтерди коюп баштаганымда, ал мага эч уялбастан жабышып, кучактап кирди. Эмне кылып жатасыз? Десем калп эле байкуш боло бербечи деп мени коё бербей шаштымды кетирди. Андан кантип бошонуп чыкканымды билбейм. Иш бөлмөмө келип, көпкө өзүмө келе албай ойлонуп отурдум.  Мындай кылыгын  эч түшүнө албай жаттым. Бир аз өзүмө келген соң, жаңы эле жумушка орношсом, чыгып кетмек белем, чыдап иштейин, жетекчим мындан ары мындай кылбаса керек деп, кылганына көз жумуп, эчтеке болбогондой иштеп баштадым. Бирок тилекке каршы мен жаңылыптырмын. Анын мага ыдык көрсөткөнү күндөн-күнгө күчөп баратты.  Бирок жумуштан алам деп айтчу эмес. Анын ошондой мамилесине чыдай албай,  кызматыман өз арызым менен  кетип калдым. Азыркы учурда Бишкектеги сулуулук салондордун биринде тырмак жасап иштейм. Тапкан акчам өзүмө жетет. Бирок, кызматтан кетпей эле иштегенимде мамлекетке кымындай болсо дагы салым кошмокмун да деп өкүнүп калам. Меникине окшогон окуяга кабылган кыздар өтө көп, бул биздин коомчулукта жаңылык деле болбой калды. Канткен күндө да ичимдеги сырым менен бөлүшкүм келди”- дейт биздин каарман Назира.

Окшош материалдар:  Юрист: “Гейлердин укугун коргомок тургай, атын уккум келбейт”

Кыргызстанда Назирага окшоп, өз кыялын акмактардын айынан орундата албаган кыздарыбыз көп. Алар жетекчилиги же кесиптештери тарабынан жосунсуз кылыктарына кабылып,  “эл эмне дейт” – деген стреотиптин айынан үн ката албагандар канча.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful