Templates by BIGtheme NET

Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровду эмне үчүн колдоп чыккан…

Кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаев берген маегинде  камакта жаткан Садыр Жапаров жана Ысык-Көл облусунун мурунку губернатору Эмилбек Каптагаев туурасында да айта кетти.  Экс-президент: “Садыр Жапаровду камакка алууну Эмилбек Каптагаев суранган”  деп билдирди. Атамбаевдин мындай сөздөрү Каптагаевди каралагандык болуп калбайбы деген өңүттө fakt.kg журналист Назгүл Мамытовага кайрылды.  

Кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев мага келип “Садыр Жапаровду каматып бер  деп суранган”, – деп билдирди. Сиздин оюңуз боюнча бул сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– Менин оюмча Атамбаев алдаган жок, чындыкты айтты. Анткени, ошол учурда кырдаал курчуп турган. Ал кезде  Каптагаев менен Атамбаевдин да мамилеси жакшы болчу. Эмилбек Каптагаев  барымтага алынып калганда,   катуу намыстанып калган да. Көлдүктөр Каптагаевди кызматтан кетсин деп талап коюп туруп алышкан. Анан Токон Мамытов келген да. Кайсыл жерде ызы-чуу чыкса биринчи кезекте ызы-чуунун артында ким турат деген маалыматты биринчи ошол жердин жетекчиси берет жогорку бийликке. Анткени райондук, областтык УКМКнын кызматкерлери иштейт, алар губернаторго маалымат берип турат да. Ошол кезде Саруудагы балдар Жапаров менен тыгыз байланышта иштеп жатат деген маалыматтар тараган.

–  Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаров камалганда, өзү сотко барып доо-арызым жок деп, отурумдарга активдүү катышып жүргөн. Алмазбек Атамбаев Каптагаевди жөн эле каралаган жокпу?

–  Менимче Атамбаев менен Каптагаевдин мамилеси бузулгандан кийин, Каптагаев айласыздан Садыр Жапаровду актап чыкты. Эгер андай болбосо эмне үчүн тээ башында эле айткан эмес, Саруудагы ызы-чууга Садырдын тиешеси жок” – деп губернаторлуктан кетээри менен айтыш керек болчу. Эми сотторго чейин барып, актана албай эси ооп жүрөт. Атамбаевди жактагандык эмес, бирок ал саясатчылардын кылык-жоруктарын айтканда чындыкты айтат. Каптагаев Роза Отунбаеванын көздөй кадры экенин билебиз. Атамбаев Ала-Тоо аянтында Роза Отунбаевага карата катуу айтып койгондон кийин эле, Каптагаев да Атамбаевге карата оюн өзгөртүп, каралай баштады. Эл келесоо эмес, эл баарын коруп-билип турат.

Окшош материалдар:  Ибрагим Жунусов жаңы кызматка дайындалды

Fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful