Templates by BIGtheme NET

Маевский Москвада камакка алынды

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө, орусиялык ишкер, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевский Москвада камакка алынды.

Маевский “бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган” деп айыпталып, 16-ноябрда Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечкенин “Интерфакс” жана башка маалымат агенттиктери кабарлашты.

Москва шаардык сотунун расмий сайтынан да Маевскийге Орусиянын Кылмыш кодексинин “Опузалоо” беренеси менен (163-берене, 3-пункт, п.б.) айып тагылып жатканын, анын бөгөт чарасы жума күнү каралганын, судья Дмитрий Гордеев аны камакка алууну чечкенин көрүүгө болот. Эгер сот аны айыптуу деп тапса, 7ден 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

“Интерфакс” агенттиги тергөөнүн маалыматына жана судьянын айткандарына таянып кабарлагандай, Маевский 2018-жылдын 31-октябрынан 8-ноябрына чейин Москвада белгисиз адамдар менен алдын ала келишип алып, жабырлануучулардан кеминде 37,5 миллион доллар талап кылган. Ал мынча каражатты беришпесе жабырлануучулардын беделине шек келтире турган маалыматты тарата турганын айткан. Бул факт боюнча 14-ноябрда кылмыш иши козголуп, кийинки күнү Маевский кармалып, ага айып угузулган.

Маевскийдин бөгөт чарасы жума күнү Тверь райондук сотунда жабык каралган. Мурдагы орус депутатынын адвокаттары маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн соттук процесске катыштырбоону өтүнүшкөн.

“Интерфакс” агенттиги Маевскийдин: “Бул жерде мамлекеттик коопсуздуктун кызыкчылыгы тууралуу маселелер козголушу мүмкүн, мындан улам алар прессанын катышуусу жок талкууланышын каалай турганымды кошумчалагым келет”, – деп билдиргенин жазды.

Айыпталуучунун адвокаттары комментарий берүүдөн баш тартышкан. Азырынча Маевскийдин “опузасына кабылды” делген жабырлануучулар ким экени тууралуу маалымат ачыкка чыга элек.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Президенттин мурдагы кеңешчиси министр болуп дайындалды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful