Чубак ажы Жалилов: «Сойку болуп иштептир дейт. Эми бул жалган эле болуп калсын»

Белгилүү аалымдар Чубак ажы Жалилов менен Абдышүкүр ажы Нарматовду Россиянын жана АКШнын аймагына чыгарбоо керек. Бул тууралуу АКШда жашап жаткан Кыргызстандын жараны Динара Самет билдирди.

Анын айтымында, аалымдардын айткандарында экстремисттик чакырыктар бар. Ал аалымдардын эл алдында сүйлөгөн сөздөрүн экспертизадан өткөрүүнү сунуштаган.

Саметтин видео кайрылуусу кыргыз интернет сегментинде кызуу талаш-тартышка жем таштаган. Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов Fakt.kgге Динара Саметке теңелбей тургандыгын билдирди.

“Жооп бергим келген жок, жооп берсем Чубак ажы анти, минти деп көп сөз кылышат. Анын тарыхын элдин бары билет экенго, сойку болуп иштептир дейт, күйөөсү өлүптүр, күйөөсү түрмөгө түшүптүр,баптист болуп кетиптир деп айтып жатышпайбы? Эми жалган эле болуп калсын мунун баары, буга жооп бериштин кереги жок.Ал текшерсин десе эле бары текшерип калмак беле ал ким экен? Ага маани бериштин кереги жок”,- дейт Чубак ажы Жалилов.

Элибиздин диний сабатын арттырып, журтубузду ыйман жолуна чакырган диний аалымдарыбызды улам бир ызы-чууга аралаштырып жатканыбыз өкүнүчтүү.

fakt.kg

 

Бөлүшүңүз