Templates by BIGtheme NET

Жыл сайын өлкөдө 27 450 бала майып болуп төрөлөт

Жыл сайын өлкөдө 27 450 бала майып болуп төрөлөт. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын республикада 155 миңге жакын бала жарык дүйнөгө келет.

«Дүйнөлүк статистика боюнча жаңы төрөлгөн 1 миң балага кулагы начар уккан 0,5-1 пайыз бала төрөлөт. Он жыл ичинде кулагы начар уккандар миңдеп төрөлөт. Алар үчүн атайын мектептер керектелет. Бүгүнкү күндө имплант коюу операциясы кымбат турат. Мисалы, 1 кохлеардык имплант 25-40 миң евро турат», — деди Камчыбек Узакбаев.

Кулагы начар уккан балдарга «Ленхарт» эл аралык фонду жардам берүүнү колго алган.

«Биз балдардын угуусун жакшыртуу боюнча меморандумга кол койдук. Алар бизге акысыз түрдө дээрлик 150 миң евролук 8 имплант алып келишти», — дейт Камчыбек Узакбаев.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Кыргызстандын кайсы облусунун тургундары чет өлкөгө көп кетишет

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful