Сооронбай Жээнбеков: “Кыргызстанда  дин мамлекеттик бийликке аралашпайт”

40

Бүгүн, 15-ноябрда “Ислам азыркы светтик мамлекетте» аттуу II эл аралык конференциясында президент Сооронбай Жээнбеков: «Келечекте Ислам академиясын түзүп, анын ишмердигин мамлекет өз көзөмөлүндө кармашы керек болот»- деди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү билдирди.

Аталаган  конференцияга мамлекеттик органдардын жетекчилери , эксперттер, 20 өлкөдөн келген илимпоздор, диний жана көзкарандысыз уюмдар   катышты.

“Кээ бир өлкөлөр «мамлекет дин иштерине кийлигишпейт» деген позицияны карманышат. Айрым мамлекеттер кандайдыр бир динге расмий же мамлекеттик деген статус беришкен. 25тен ашуун өлкөдө ислам дини мамлекеттик статуска ээ. Традициялуу диндер деген түшүнүктү өз конституцияларында белгилеген мамлекеттер аз эмес. Биз дагы жалпы коомчулуктун талкуусу менен жактырылган. Өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга ылайыктуу болгон диний саясатты ишке ашыруубуз зарыл», -деди президент.

Анын айтымында, азыр Кыргызстан — дин мамлекеттик бийликке аралашпаган заманбап мамлекет. Мамлекет конфессиялык жактан нейтралдуу позицияны ээлейт, эч бир динге артыкчылык бербейт жана эч кандай диний идеологияны жарандарга таңуулабайт.

fakt.kg

Бөлүшүңүз