Templates by BIGtheme NET

Ыркы кеткен “Элдик парламент”, тилинен жаңылган Талгарбеков

Эсиңиздерде болсо, өткөндө өздөрүн сүттөн ак, суудан таза эсептеген “Элдик парламент” түзүлгөн эле. Буга чейин алар 50-60 миң колдоочубуз бар деп тилинен жаңылган эле. Алар Ала-Тоталгарбеково аянтына 20 миң киши чакырып, иш-чара өткөрөбүз дешкен, бирок “Элдик парламенттин” башында тургандардын бири Бекболот Талгарбеков 20 миң кишини 12-майда чогулта тургандыгын жарыялады.

Буга чейин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев да “Элдик парламенттин” башында тургандардын бири катары айтылып келсе, Азаттык радиосуна бул уюмдан чыкканын айтыптыр.

” Башында киргем. Анан башында бирди айтып, азыр башка нерсени айтып жатышат. Түшүнүксүз болуп калды. Ошондуктан Абдыганы Эркебаев экөөбүз кеңешип, бирдей чечимге келдик”, -дептир депутат.

Бизде “куралганынан чачылганы бат” уюмдар көп эле кездешет. Булар да “ара төрөлгөн баладай” болуп, эч нерсеге жарабай калышты өңдөнөт.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

Copy Protected by Chetan's WP-Copyprotect.

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful