Templates by BIGtheme NET

 Россиядагы “киргиздер” кыргыз мигранттарына кантип жардам көрсөтөт?

Элибиз буга чейин кандай доорду сүрүп, кандай шартта жашап келгени билебиз. Бирок кандай кырдаалда жашашпасын ата-бабабыз эне тилибизди жоготпой, барктап, сактап келишкен.  Кыргыз эли эми өз алдынча жашоого, өз алдынча мамлекет курганга жетишти, өз тилибизде сүйлөп, ырдап жашоонун шаңын көрөт экенбиз,  көчөбүзгө майрам келди деп сүйүнүп  жатсак, мамлекеттик бийлигибизден тарта, тилибизге чейин кокуй болду! . Коомчулугубуз артка кетип жарымынан көбү “киргиз” болуп алышты. Албетте бул мамлекетибиздин өтө жаралуу жери.

“Балык башынан сасыйт” дегендей, өзүбүздүн эле мамлекеттик кызматкерлер, мекемелер эне тилибизди сыйлабай келгендигин ачык эле байкасак болот.

Мисалга алсак социалдык тармактарга тараган Кыргыз Республикасынын Башкы Консулдугунун жарыясынын сүрөтү  көбүн иренжитти, тактап айтканда КРнын Башкы Консулдугу  “Кыргызстан Республикасы”  дегенди, “Киргизия” деп бакыйтып жазып койгон.

Социалдык тармактардын колдонуучулары биз “киргиз” эмеспиз “кыргызбыз”, “Киргизия”  деген мамлекет жок, “Кыргызстан” деген мамлекет бар деп атуулдук сезимдери ойготуп, үн катканга мажбурлап жатат.

Кыргыз Республикасынын Башкы Консулдугунун мындай орой катасын көрүп, “ал жакта деги өзү кимдер иштейт” деген ой чырмап алат экен. Аталаган мекеме өлкөбүздүн макамын билбеген соң,  мигранттардын маселесин кантип чечип жатты экен деген ойго да кептелет экенсиң. Баарына белгилүү болгондой эле өзгөчө Россиядагы  кыргызстандык мигранттардын абалы оор экени айтпасак деле белгилүү. Мындай кызматкерлерден тилдин келечегин сактоо боюнча бир нерсе сурануу өтө кыйын. Ошондуктан,  бир гана алыста жүргөн мигранттардын көйгөйүн кечеңдетпей, басаңдатпай убагында  чечип койгулачы деп суранмакчыбыз!

fakt.kg

Окшош материалдар:  Ош базарынан дагы өрт чыкты (Фото)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful