Templates by BIGtheme NET

Өмүрбек Текебаев: “2012-жылы “Ата Мекен” партиясы сунуштаган демилгени Мирзиеев бүгүн колдонуп жатат”

-Жакында Өзбек Республикасынын президенти Шавкат  Мирзиеев чет өлкөлөрдө иштеп, жашап жаткан мекендештер менен иштөө боюнча мамлекеттик саясатты жакшыртуу тууралуу буйрукка кол коюп, Өзбекстандын Ички жана Тышкы иштер министрликтерине тиешелүү тапшырмаларды берди. “2019-жылдын 1-мартында чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо, алар менен иштөө боюнча мамлекеттик концепция бекитилет” деп жарыялашты. “Ата Мекен” партиясы да 2012-жылдан бери эле чет элде жашап, иштеп жүргөн Кыргызстандын мурунку жарандарын мамлекеттик колдоо боюнча мыйзам долбоорун киргизип жүргөнү баарыбызга белгилүү. Сиз Өзбек президенти Мирзиеевдин бул демилгеси боюнча эмне айта аласыз?

-Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримов изоляционизм саясатын жүргүзгөн. Чет өлкөлөр менен, дүйнө менен болгон байланышты минимумга алып келген жабык өлкө түзгөн. Мирзиеев келгенден бери Өзбекстан ачылып, жаңы саясат жүргүзө баштады. Эгер, мигранттарды мурунку президент Каримов “жалкоолор”, “бекерчилер” деп жамандай турган болсо, Мирзиеев “өлкөдө экономикалык абал оор болуп, жумуш орундары болбогондуктан, алар чет элге кеткен” деп, чет элде жүргөн өзбек жарандарын колдоп, алар менен иштеп, бир бөлүгүн Өзбекстанга алып келүүчү мамлекеттин программасын түзүп жатат. Анын негизгиси: 5 миллионго жакын Өзбекстан жарандары сырт жактарда мигрант болуп иштеп жүрүшөт. Концепциянын алкагында “мекендеш паспорту” деген жаңы документ берилгени жатат. Башка мамлекеттин, өзгөчө Россиянын жарандыгын алган мигранттарга ошондой паспорт берилет. Ал паспорт сен башка өлкөнүн жараны болсоң да, Өзбекстанга кирип, чексиз узак мөөнөт жүргөнгө, ал жерде ишкердик кылганга, имарат, жер сатып алганга, Өзбек жарандары менен бирдей шарт түзүп бергенге кепилдик берет.
“Ата Мекен” партиясы да “чет элде иштеп жүргөн, чет элдин, өзгөчө Россия жарандыгын алган кыргызстандыктар кыргыз патриоттору , Кыргызстан менен түбөлүк байланышы бар мекендеш катары таанылып, мурунку кыргыз жарандары Кыргызстанда социалдык-экономикалык укуктарга Кыргыз жарандары менен бирдей ээ болот. Алар Кыргызстанга келип иштегенге, жер, завод-фабрика, үй сатып алганга, бизнес кылганга толук укуктуу” деген мыйзам долбоорун киргизгенбиз. Тилекке каршы, мурунку Президент Атамбаев, анын Аппараты, алардын айдактоосу менен Өкмөт каршы чыгып, бул мыйзам долбоорун өткөрбөй коюшкан. Азыркы БШК төрайымы Шайлдабекова анда Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү эле, ал Президенттин атынан сүйлөп, “бириндетип өткөрбөй, биз толук бир концепция жазабыз. Өмүрбек Чиркешович, бул законуңузду ошонун алкагына кошобуз” деген. Мен ошондо айткам, 4 жыл бат эле өтөт, Атамбаев да президенттиктен кетет. Силер эмдиги жылы эле эмес, 4 жыл ичинде да бул мыйзамды киргизбейсиңер” дегем. Мына, Атамбаев кетип, жаңы президент келгенине 1 жыл болду. Ал мыйзамды козгоп, “Кыргызстандын экономикасын көтөрөлү” деген бүгүнкү күнгө чейин бир жан жок. Ал эми Өзбекстандын президенти биз 2012-жылы көтөргөн маселени бүгүн көтөрүп жатат.

Окшош материалдар:  Президент министрди кызматтан бошотту

Динар Турдугулова

Булак: Азия НЬЮС гезити. Үзүндү

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful