Сапар Исаков бир жылда канча киреше тапкан

75

Мамлекеттик салык кызматы   мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун декларациясын жарыялады. Ал 2017-жылы 996 миң 671 сом киреше тапкан. Бул боюнча анын декларациясында көрсөтүлөт. Сапар Исаков жеке мүлкү катары батир менен гаражды көрсөткөн. Анын жакын туугандары 140 миң 986 сом табышкан. Алардын үйү, жеңил унаасы жана фургон унаасы бар.

fakt.kg

 

Бөлүшүңүз