Президент Сооронбай Жээнбековдун канча байлыгы бар…

40

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү тууралуу жыйынды маалыматтарды өзүнүн расмий сайтына жарыялай баштады.

Буга ылайык,  Президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдагы декларациясын жарыялады.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы  891 миң сом иштеп тапкан. Ага тийиштүү эки үйү (бирөө дача) жана айыл чарбага ылайыкталган төрт жер тилкеси бар. Мындан тышкары, МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактору бар. Президент жеңил автоунаасы жок экенин декларациясында көрсөткөн.

Ал эми Жээнбековдун жакын тууганы 3,7 миллион сом тапкан. Анын батири, айыл чарбасына ылайыкталган эки жер тилкеси жана Lexus үлгүсүндөгү автоунаасы бар экени.

fakt.kg

 

Бөлүшүңүз