Templates by BIGtheme NET

“Өмүрбек Текебаевдин бажасы деген каргыш барбы?”

Азыркы учурда абакта отурган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бир тууган бажасы Темир Эмилов Ленин районун акиминин орун басары  болуп иштеп жатканда, аны Өмүрбек Текебаевдин бажасы болгондугу үчүн  кызматтан себепсиз алып коюшкан. Бул тууралуу Темир Эмилов   fakt.kgге  билдирди.

“1997-жылдан 2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасында иштедим. Ал жакта мыйзам чыгаруу палатасынын басма сөз кызматынын орун басарына чейин көтөрүлдүм. Жогорку Кеңешке бажамды алып келди деп ойлошот, бирок  Адахан Мадумаровдун  чакыруусу менен келгем. 2005-жылы Өмүрбек Текебаев төңкөрүштөн кийин спикер болуп дайындалды. Ошондо ал мага “бир тууган бажа болсок, мен спикер болсом, сен басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары болсоң, анан бир жерде иштегенибиз туура болбой калат, башка жерге барып иште” деди. Айткандарын туура көрүп, Жогорку Кеңештен кеттим. Ошондо Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкулов болчу.  Ал кишиге кайрылганымда Октябрь районунун аппарат жетекчиси кылып дайындаган. 2010-жылы төңкөрүштөн кийин Ленин районуна акимдин биринчи орун басары болуп келдим. Ал кызматта  2016-жылга чейин иштедим.  Ошол жылы Алибек Ибраимов мэр болуп турган жана  Атамбаев менен Текебаевдин ортосунда катуу кармаш башталган эле. Ошентип, Текебаевдин бажасы болгондугум үчүн, жанында жүргөндүгүм үчүн эле кызматтан кеттим. Эгер эл алдында жаман иштеп каталарым көп болсо, иштен алып койсо эч капам жок эле. Текебаевдин бажасысың дешет, ошондой да каргыш барбы?  Азыркы учурда эч жерде иштебей элем, мэрияга кайрылганымда жумуш орун жок деп коюшту”- дейт Эмилов.

fakt.kg

 

Окшош материалдар:  Кундуз Жолдубаева: "Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын өткөрбөйт"

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful