Templates by BIGtheme NET

Алган парасына сауна ачкан каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Дуйшебаеванын өлүмү боюнча башкы күбө болгон

Кечээ, Бишкек шаардык транспорттук каражаттарды жана айдоочулук күбөлүктү каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Насирбек Алмаматовго кылмыш иши козголуп камакка алынган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Насирбек Алмаматов айдоочулукка окуп жаткандардан экзамен учурунда жана айдоочулук күбөлүктү алып жатканда  мыйзамсыз акча чогултуп жатат деп шектелген.

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери коррупцияга шектелип кармалды.

Опубликовано КТРК Понедельник, 5 ноября 2018 г.

Адвокат Чынара Жакупова 24.kg маалымат агенттигине, Насирбек Алмаматов Камила Дуйшебаеванын өлүмү боюнча башкы күбө болуп өтүүдө деп билдирди.

Анын айтымында, Насирбек Алмаматовдын берген көрсөтмөсүндө, Калыбек Салянов Осунбек Жамансариев жана башка эки киши менен кыздын өлүмү болгон күнү эс алып жатышкан саунанын администрациясынан видео байкоодон жазылып алынган видеолордун бардыгын өчүрүүнү сураган. Администратор жоголуп кетти, анын кайда экени азыркыга чейин белгисиз. “Кызык жери Насирбек Алмаматов   башында айтып баштаган эмес. Ал Бишкек шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайында эки күн кармагандан кийин гана сүйлөп баштаган.   Коё бергенде эле Калыбек Саляновду “каралап” баштады. Тергөөдө каралып жаткан сауна Насирбек Алмаматовга тийиштүү. Анын саунасында ар кандай адамдар болот”- деп белгиледи Чинара Жакупова.

Кийинчерээк, Алмаматов Журналист Эльнура Алкановага интерьвю берип жатканда Калыбек Саляновду каралап алганын мойнуна алган. Ал эми жазылып алынган виедолордун жоголушу боюнча, ал администраторуна пленкаларды тез-тезден тазалап турууну буйрук кылганы менен түшүндүрдү.

Ал  Калыбек Салянов Камила менен саунада болгонун билдирген. Мындан башка  көрсөтмөлөр жок жана тергөөнүн негизги багыты болуп Алмаматовдун айткандары жатат. Калыбек Салянов башкы шектүү жана ал  Кыргызстандан чыгып кеткен.

Эскерте кетсек, ИИМ 19-жаштагы Камила Дүйшебаеванын өлүмү боюнча 5 жылдан бери  кылмыш иши  ачылбай келет. Аталага иш боюнча 400 күбө өтүп, алардын айткандарынын бири да кылмыштын бетин ачууга жакындаган эмес.

Окшош материалдар:  Бирөөнү “сасык” деп атып, өзү “былгып кетти”

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful