Бишкекте күйөөсү бар аялды жолугушууга чакырган жаран 10 жолу бычакталган

25

Жалал-Абад облусунун тургуну таксистти бычактап өлтүргөн. Ал 14 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу токтом Жогорку сотун сайтына жарыяланды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, соттолуучу таксистке 10 жолу бычак сайып, өлтүргөн.

Соттолуучунун айтымында, маркум ага чалып, аялы каза болуп калгандыгын айтып, сүйлөшүүнү сунуштап жүргөн. Бирок, соттолуучу баш тарткан.

Сунушу четке кагылган таксист балдарыңды уурдап, күйөөңдү өлтүрүп кетем деп коркутуп баштаган.

“Мен номеримди алмаштырып салдым. Бирок, ал мени таап алды. Бишкектен автобекеттен жолугушуп, мейманканага бардык. Ал жерден мени зордуктоого аракет кылды”,- деп билдирген соттолуучу.

Ал жолугушууга бара жатканда базардан бычак сатып алган. Ошол бычак менен таксистти бычактап салган.

Сот анын мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыоатуу боюнча чечим чыгарды.

fakt.kg

Бөлүшүңүз