Templates by BIGtheme NET

Россияда Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды өткөрүү уланууда

Россиянын борбору Москва шаарында жана Москва облусунда кыргыз диаспоралары тарабынан уюштурулган улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды өткөрүү уланууда.

2018-жылдын 4-ноябрында Элчиликтин, Миграция кызматынын өкүлдөрү Москвадагы кыргыз диаспоралар арасында Кыргыз маданий борбору тарабынан үзгүлтүксүз  уюштурулуп келе жаткан “Сармерден. Кыз-Жигит” музыкалык каада-салт иш-чарасына күбө болушту. Кезектеги “Сармерден…” ыр таймашы Москва шаарында эмгектенип жаткан Нарын облусунун кыз-келиндери менен Токтогул районунун жигиттеринин ортосунда болуп, тематикасы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналды. Ыр-таймаштын жүрүшүндө Ч.Айматовдун чыгармаларынын үзүндүлөр көркөм образдуу аткарылып, Ч.Айтматовду узатуу кошогу ырдалды. Таймашта ырга шыктуу, жакшы оюн-зоок көрсөттү деп Токтогул районунун жигиттери аныкталды.

Иш-чаранын аягында Кыргыз Республикасынын мекенчил жараны катары акылман элибиздин, улуу муундун салттарын сактоо менен, кылымдарды карытып келе жаткан кыргыз тарыхын, каада-салтын, маданиятын Россия жергесинде тааныштырып, мекендештерибиз менен тыгыз байланышта иш алып жаткан иштери үчүн Маданий борбордун жетекчилигине Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин атынан ыраазычылык кат тапшырылды.

Учурдан пайдаланып, Элчиликтин, Миграциялык кызматтын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери чогулгандарга Россия тарабынан КРнын жарандарына карата кабыл алынган “миграциялык мунапыс” тууралуу түшүндүрүү иштерин жарыялоо менен, жакындарга, тааныш, туугандарга жарыялоону өтүнүштү.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Авиа билеттин баасы кымбаттады

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful