Templates by BIGtheme NET

Депутат көрүү жөндөмдүүлүгү начар студенттер окуган окуу жайын жаппоону суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев КММАнын алдындагы көрүү жөндөмдүүлүгү начар студенттер окуган училищаны жаппоону суранды. Бул тууралуу социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, чала көргөн студенттер окуу жайда укалоочулук боюнча билим алып, мамлекеттик жана жеке менчик мекемелерге кызматка орношууда. КММАда мындай категориядагы студенттерди окутууга бардык шарттар түзүлгөн жана поликлиникалар менен стажировка өтүү келишимдери да бар.

“Бул жылы окуу жайды жана студенттерди Бишкек медициналык колледжге которуу боюнча протоколдук сунуштама берилген. Бирок анын статусу ылдый турат, студенттерди жеке менчик клиникаларга кабыл албай коюшу мүмкүн”- дейт эл өкүлү.

Вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова белгилеп кеткендей, аталган окуу жайда болгону 18 студент окуйт,  а бирок  15 мугалим эмгектенет. Бул боюнча маселе каралып жатканын билдирди.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Дагы бир судьяга кылмыш иши козголду

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful