Templates by BIGtheme NET

Бирөөнү “сасык” деп атып, өзү “былгып кетти”

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы болуп турганда, иш-чаралардын биринде сүйлөп жатканда “сасык партия” деп айта кеткени коомду эсинде болсо керек. Ал сөз үчүн “Ата Мекен” партиясы Алмазбек Атамбаевди сотко беришкен эле. Ошондо экс-президенттин өкүлдөрү келип бул башка партияга жана башка лидерге карата айтылган деп кутулушкан. Бирок алар эмне деп айтып кутулбасын, эл баары бир деле сөз “Ата Мекен” партиясы тууралуу болгонун жакшы түшүнгөн.

Алмазбек Атамбаев ошондо кесир сүйлөп койгонбу, айтор Атамбаевдин өзүнүн партиясы “сасык партиядан” өтүп “былгып кеткен” партияга айланып бара жаткандай. Себеби, акыркы бир жылда Атамбаевдин партиясынан  депутат болгондор КСДП фракциясынан бир-бирин чыгарып жатат. Партиянын өзүнүн ичинде эки жээкке бөлүнүп алышып партияны түптөгөн “партиянын атасымын” деген Атамбаевди да өз катарынан чыгарганга аракет болуп жатат. Ал эми, КСДПнын атынан бийликке баргандар мамлекеттин акчасын “АШАгандар” чекесинен камалып жатышат. Ошол убакта Атамбаев башка партияны “сасык” дебей эле өз партиясын айткан окшойт деген ойго кептелет экенсиң.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Жолдошбаевден башка “дулдуктарга” “намёк” качан жетет

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful