Templates by BIGtheme NET

Аскарбек алыскы АКШдан “ач айкырык” салды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн качып кеткенине жарым жылдан ашкандан кийин гана анын мандатын араңдан зорго алышканы коомчулукка белгилүү. Депутаттык мандатынан айрылып калган Аскарбек Шадиевдин ичи катуу ачышкан окшойт. Бул адамга Кыргызстан эмес, депутаттык мандат маанилүү окшоп калды. Бүгүнкү күнгө чейин такыр үн катпаган Шадиев мандатын алаары менен четтен күнөөлүүлөрдү издеп, тартынбастан БШК мандатымды мыйзамсыз алды деп өзүнчө эле “энесин коркуткандай”  тултуңдады го. Ал эле эмес “козголгон кылмыш иштерин да жасалма, саясий буйрутма деп айтып жатат. Шадиевдин билдирүүсүндө ал “аппак, таптаза” экен. Албетте эч ким өзүн күнөөлү кылгысы келбейт. Адамдагы эң жаман сапат, кылган иштерибизди эч качан моюнга албагандыгыбыз да. Шадиев өзүн тазамын десе АКШга кетүүнүн кажети бар беле, чындык үчүн эч жакка качып кетпей күрөшүш керек эле. Күнөөсү жоктор алыска качпай эле, чет өлкөдө жатып алып “ач айкырыкты” салбай,  камаларын билип туруп тор артында деле чындык үчүн күрөшүп келатат. Анан алыста жатып алып “ач айкырыкты” сала салып, эл алдына актанымыш болгондун эмне кереги бар.

 

fakt.kg

Окшош материалдар:  Министр Улукбек Кочкоровдун үч орун басары дайындалды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful