Templates by BIGtheme NET

Өзбекстанда жергиликтүү чиновниктер талаада топурак көтөрүп жазаланды

27-октябрда социалдык түйүндөрдө колдоруна чоң кургак топурактарды кармап турган алты кишинин сүрөтү жарыяланды. Окуяга күбө болгон Бекабад райондук акимчилигинин өкүлү аларды ушул жуманын башында иштен алынган өлкөнүн мурдагы вице-премьер министри Зойир Мирзаев жазалаганын билдирди.

– Мирзаев талаада майдаланбай жаткан чоң топурактарды көрүп, жергиликтүү чиновниктерди кемсинте баштады. «Эмнеге топуракты майдалабай туруп буудай септиңер?» деп кыйкырды. Андан соң аларга чоң топурактарды алып, көтөрүп турууну буюрду», — деди акимчилик өкүлү.

Анын айтымында, Зойир Мирзаев жазаланган чиновниктерди сүрөткө тартып, аны «сабак болсун» деп бардык райондук аткаминерлерге жөнөтүү тапшырмасын берген.

Окуя Ташкент облусунун Бекабад районундагы фермердик чарбачылыктардын биринде болгон.

27-октябрда социалдык түйүндөрдө арыктын ичинде жер карап, тизеге чейин суу болгон алты кишинин сүрөтү дагы тараган. ​Алар буудай талаалары жакшы сугарылбаганы үчүн Өзбекстан премьер-министринин айыл чарба боюнча орун басары Зойир Мирзаев тарабынан жазаланган. Бул окуядан кийин чиновник кызматтан алынган.

fakt.kg

Окшош материалдар:  "Молдо" жин кирип кеткен баланы камчы менен сабап өлтүрүп койгон

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful