Templates by BIGtheme NET

Сагынбек Абдрахманов: “Атамбаев партиядан кетсе эле КСДП өлүп калыш керекпи?”

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы “КСДП Атамбаевсиз” аттуу кыймылдын ачылганына көп өтпөсө да коомчулук тарабынан талкууга алынып, бири колдосо, экинчиси колдобой, президенттиктен кетсе эле каралап жатып калабыз дешүүдө. Аталган кыймылдын негиздөөчүсү жана координатору Сагынбек Абдрахманов менен fakt.kg маектешти.

-“КСДП Атамбаевсиз” деген ураанды көтөрүп чыгышыңыздын негизги себептери эмне болду? 

-Мурда  Атамбаевди КСДПдан чыгарабыз деген ой деле жок болчу. Партиянын негиздөөчүсү болбосом дагы түптөөчүлөрүнүн биримин десем жаңылбайм.  Жеке оюмда 2010-жылдан кийин  Атамбаев, партияны өзүм  билемдик кылып алды. Өзүм билемдик  менен  саясий маанилүү иштерди, кадр маселелери боюнча жаңылыштыктарды кетире баштады. 2015-жылдан кийин эски партиялаштар сүрүлүп , четте калып башташты. Атамбаев Акаевдин,  Бакиевдин тушундагы  кадрларды тегерегине жыйып алганы  коомдо терс кабыл алынып баштаган. Анан принципиалдуу, эски партиялаштар  Атамбаевдин кетирген кемчиликтерин айтууга мажбур болушту. Көпчүлүк биздин кишилер,  белгилүү саясатчыларыбыз теңелбей чыгып кете береличи дешти. Партияны Атамбаев жалгыз түзгөн эмес, аны  негиздөөчүлөрүнүн бири десек туура болот. 1992-жылы Абдыганы Эркебаев вице-премьер министр  болуп турганда,  анын иш бөлмөсүнөн, социалисттик партияны түзүү боюнча чечим кабыл алынган. Ошондо негиздөөчүлөрүнүн бири:  Абдыганы Эркебаев, Жумабек Ибраимов, Анатолий Марышев, Ишенбай Кадырбеков,  Акылбек Жапаров жана көптөгөн ишмерлер КСДП негиздегендер.

-Алмазбек Атамбаев кандай болгон күндө да, канча жыл партиянын ысык-суугуна чыдап, лидери болуп келди. Аны партиядан чыгарып салуу бул чынында эле туура чечим деп ойлойсузбу?  

-Атамбаевди чыгаруу маселеси сьезде гана чечилет. Атамбаевди партиядан  чыгаруу маселесинин бирден-бир себеби,  партиянын уставын бузгандыгы үчүн, ушунча жыл жетектеп келип мамлекетибизди өзгөчө оор акыбалга алып келгендиги болду. Мисалы: тышкы карызыбызды 4.7 миллиард алып келгени. Ал  эми Акаев, Бакиевдердин тушунда 2.4 миллиард эле болчу. Мына эки эсеге өстү. Мигранттардын саны болгону 600 миң болчу, азыр 2 миллион болуп кетти. Москвада коро шыпырып жүргөн кыргызстандык бала мага айтып жатат “КСДПны соттош керек. Мени тентиткен. Келинчегимди пол жуудуруп иштеткенге  КСДП күнөөлү” деп.  Партияны ушул убакка чейин ким алып келди? ачуу-таттуусун,  суугун, түрмөсүн да көрдүк. Биз эски партиялаштар болгон соң, эмнеге чыгып кетишибиз керек? Эч жакка кетпейбиз партиядан!  Ошон үчүн биздин партиялаштар Бакиевдин “Ак жол” партиясын кайталабайбыз деп жатабыз. КСДП бул тарыхый партия. Атамбаев партиядан кетсе эле КСДП өлүп калыш керекпи? Башка мамлекеттерди алып карасак 100 жылдап жашап келе жаткан партиялар бар,  алардын лидерлери алмашып эле жатат, эч кайда жоголуп кеткен жок.  Биз бул нерседен трагедия кылбашыбыз керек. Кыргыз коомчулугунда партияларга байланыштуу туура эмес түшүнүк жашап калган да. Мисалы: “Ата Мекен” партиясын Текебаевдики, “Ата Журт” партиясын Ташиевдики деп көнүп калганбыз. Партия деген бул жеке менчик ишкана эмес, а саясий коом.

Окшош материалдар:  Президент Сооронбай Жээнбековдун канча байлыгы бар...

-Эмне үчүн Алмазбек Атамбаев бийликте турганда мындай кыймылдар уюшулбай, убагында анын катачылыктары айтылбай, көтөрүлбөй. Эми айтылып жатат? 

-Жок бул туура эмес, көп эле жерде айтылып жүргөн. Интернет булактарынан карасаңар чыгат. Губернатор болуп турган кезимде деле айткам. Эр токумдан кыйшайып баштадык, эми кандай болот болду экен деп. Ошондо эле нааразычылык акциясы болуп, чоң чатак болгон. Ал эми 2015-жылы жерлер боюнча маселелерди көтөрүп чыкканбыз. 2017-жылы аянтка чыгып Сапар Исаковду  премьер-министрликке алып келгенде эле наарызычылыгыбызды билдиргенбиз.

-“КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын ишин жөнгө салыш үчүн кичине болсо да каражат керектелет да. Анын үстүнө жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп жатасыздар. Каражат маселеси бул жакта кандай чечилип жатат? Асылбек Жээнбеков каржылап жатат деген да кептер жүрөт?  

-Алгач биз жөн эле ураан көтөрүп чыкканбыз, анан тез арада коом колдоп кетти. Анан албетте эски партиялаштардын колдоосу менен кыймылга айланып, бүт республикага тарады. Сиз каражат маселесин туура сурап жатасыз. Албетте,  Атамбаевге окшош бай эмеспиз. Бирок мунун баарын биздин эски партиялаштар, тигил жактан, бул жактан акча чогултушту. Мындан тышкары, биздин ишти туура көргөндөр демөөрчүлүк кылып жатышат. Ал эми Асылбек Жээнбеков каржылап жатат деген караандай калп! Кечээ кээ бир маалымат каражаттарында Асылбек Жээнбеков Иса Өмүркулов менен жолуктурду деген, чындыкка дал келбеген маалымат тарды. Иса Өмүркулов менен кыймылдын мүчөлөрүнүн жолугушусу мындай болгон, Ысык-Көлдө облустук конференция болуп өтүп жаңы координаторлор шайланышкан. Жаны координаторлор эмне үчүн биздин фракциядан эч ким унчукпайт дешкен, анан Иса Өмүркуловго келгенбиз. Ал сөзсүз түрдө бирөө аркылуу келиш керек бекен? Ошондой эле, Фракциядагылар ачык колдобой жатышат, балким  коркуп жатышкандыр, эми ал  өзүлөрүнүн эрки менен.  Азыр алар коом колдойбу же колдобойбу деп байкап отурушат.

Окшош материалдар:  Ирина Карамушкинаны жоопкерчиликке тартуу талабы коюлду

-Балким максатыңызга жеткенден кийин, анан өзүңүз да парламенттик шайлоого аттансызбы?

-Биздин эң башкы максат партиядагы урууларды, жемкорлорду, ичип-жегендерди тазалоо жана төрагалыктан Атамбаевди түшүрүп партиядан чыгаруу. Бул маселе сьезде  гана чечилет. Буюрса сьезд ушул жылы болот деп жатабыз.  Сьезде Алмазбек Атамбаев 2010-жылдан тарта 2017-жылга чейинки “туруктуу өнүктүрүү программасын” айтып берүүсүн кажет. Биз болсо сьезде отчёттун угуп, саясий баа берип туруп төрагалыктан түшүрөбүз деп жатабыз. Партияда тиги уруу же бул уруу деп айта албайм. Аларды айыптагыдай сот да эмесмин. Менимче коомчулук барын өзү көрүп турат. Ал эми келе жаткан парламенттик шайлоого баруу оюмда жок.

-Кыргызстандын тарыхында эки президентибиз качып кетти, тынчтык жолу менен президенттикти өткөрүп бергендерге деле  туура эмес иш жасадыңар деп айыптап калабыз. Мындай көрүнүш бизге адатка айланып кетпейби?

-Дүйнөлүк практиканы алсак Түштүк Кореяда 5 президентин соттоп салышты. Эчтеке болушкан жок, тескерисинче өнүгүп жатышат. Биздин күрөш бул партиянын ичиндеги саясий  күрөш. Мындан ары партияны тазалоонун жолуна түшөбүз. Партияга жалаң гана байлар келип жатат, акчаң болсо депутаттыкка барасың, жок болсо барбайсың деген кандай болсун!

Маектешкен Алина Керимбекова

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful