Templates by BIGtheme NET

Октябрь айы: “Кытайлар жөнүндө сүйлөй коём деп, казактар менен ырдай коём деп элдин  ур-токмогунда калгандар”

 

Күздүн октябрь айын да кыргыз эли бир нече урунттуу окуяларга күбө болду. Октябрь айы министрлер кетип, алардын ордуна жаңы министрлер дайындалган ай болду десек жаңылышпайбыз. Анда эмесе, төмөндө октябрь ичи болуп өткөн окуялардын тизмеги.

Эң алгачкы болуп өткөн окуя 4-октябрга туш болду. Анда депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүп чыккан маселеси коомчулуктун ачуусун келтирди. Ал жыйында “кытайлык туристтерге визасыз режимди киргизүү” боюнча сунушун айткан. Депутаттын мындай сунушун эл такыр түшүнбөй, катуу сынга алып, өзүнүн бизнесин жөнгө салгысы келип жатат деп кыжырданышты. Көп өтпөй Махабат Мавлянованын айткандарын коомчулукта бурмалашып  “кашыктап чогулткан абийиримди, төгүштү” деп кайра нааразыланды. Депутаттын мындай сунушун эл колдоп кетет деген үмүттө болгонбу? Ким билсин? А бирок кытайлар кумар оюнун жакшы көрүшөөрүн дүйнөлүк статистика көргөзүп турат.

Айтор саясат менен шоу-дүйнөнүн өкүлдөрү бирден алмашып,  элди таңкалдырып турбаса да болбойт. Антпесе карапайым элдин жашоосу кызыксыз болуп калат.

9-октябрда белгилүү кыргыз эстрадасынын жылдызы Мирбек Атабековдун казак ырчысы Камшат Жолдыбаева менен “Тыңда мени” аттуу дуэтине  клип тартышып, бет ачаарынан кийин кызыктардын баары башталды . Ыр коомчулук тарабынан талкууга түшпөсө да, клиби катуу сынга кабылып, Мирбек Атабековдун айласын кетирип коюшту. Клипте кыргыз эли үчүн кичине “уятыраак” болгон учурлар тартылып, баягы эле менталитетибизге туура келбей калыптыр деп коомчулук дүрбөлөңгө түшүп калды. Кантсе да Атабеков үчүн бул клип  байсалдуу болду деп ойлойбуз.

Шоу-дүйнөдөн кийин кайра саясатка кайрылып келсек, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “шопуру” атка конгон Икрамжан Илмияновду 19-октябрда  Москва шаарынан УКМКнын өкүлдөрү кармап келди. Ага “алдамчылык” беренеси боюнча иш козголду.  Илмияновдун кармалышы саясаттагы дагы бир чоң бурулуш  деп эсептесек болот. Бийлик алмашкандан бери аткаминерлерге иш козголуп деги эле бүтпөй койду же алар биротоло соттолуп, бир кылмыш ишинин  аягына чыгалбай коюшту.

Окшош материалдар:  Президент: Элибиз ички иштер органдарынан олуттуу натыйжаларды күтүүдө

Өткөн айда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин былыктары чыгып, мамлекеттик бюджетке беш колун салгандыктары үчүн министр, орун басарлары менен иштен айдалды.

Мындан тышкары, 8-октябрда кыргыз эли үчүн кайгылуу окуя болуп кетти Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

27-октябрда аталган эки министрликтин жетекчилерин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  шайлашты.   Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине, президенттикке талапкерлигин койгон Улукбек Кочкоровду премьер-министрдин сунушу менен Жогорку Кеңеш колдоп, министр кылып дайындашты. Кочкоров аталган министрликтин мүчүлүштүктөрүн жоюп, алга сүйрөйт деген ишеничтебиз.  Ошондой эле, раматылык Султан Жумагуловдун ордуна,  Маданият, маалымат жана туризм министри кылып 31 жаштагы Азамат Жамангуловду шайлашты. Жаш министр маданияттын туура жолдо өнүгүүсүнө чоң салымын кошот деген ойдобуз.

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful