Templates by BIGtheme NET

Алибек Жекшенкулов: “Канттагы авиабазанын мааниси абдан чоң”

Бүгүн, 25-октябрда Бишкек шаарында ЖККУда Канттагы россиялык авиабазанын ролу тууралуу тегерек үстөлдүн үстүндө талкууланды. Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө   Кыргызстандын ЖККУнун мүчөсү болгон  өлкөлөр менен кызматташуусу тууралуу жана актуалдуу маселелердин тегерегинде талкуу жүрдү.

Тегерек үстөл Канттагы авиабазанын 15-жылдык маарекесине карата өттү. Россиянын Кант шаарындагы  ЖККУ авиабазасы Кыргызстанда расмий түрдө 2003-жылдын 23-октябрында ачылган.

Россиялык авиа базанын Кыргызстан  үчүн канчалык деңгээлде мааниси зор экенин жана алар өлкөбүздүн коопсуздугун   канчалык деңгээлде коргой алат деген fakt.kgнин суроосуна мурунку Тышкы иштер министри Алибек Жекшенкулов жооп берди: “Авиабазанын мааниси абдан чоң. Бизде белгилүү болгондой, самолёттор, жаңы үлгүдөгү ракеталар жок. Бул бир гана Кыргызстан үчүн эмес, бул жалпы Борбордук Азияга “кол чатыр” сыяктуу карасак болот. Мындайча айтканда булар биздин асманыбыздагы коопсуздугубузду  карашат. Бул кыргыз элине, мамлекетине өтө чоң жардам. Мисалы: Сириядагы согушта, өлкөнү террористтик авиация эле талкалап койду. Ошон үчүн Россиянын жетекчилигине ыраазы болуш керек. Өлкөгө Афганистан тараптан кооптуу маселелер жаралышы мүмкүн. Анткени, алар бүгүнкү күндө эл аралык террористтик уюмдардын очогу болуп жатат. Авиабазаны баланча жыл турат деп айтыш кыйын. Маселе өзүбүз качан коопсуздугубузду камсыздай алабыз ошондо. Эл аралык тажрыйба көрсөтүп жаткандай  жалгыз бир мамлекет жеке коопсуздугун камсыздай албайт”- дейт экс-министр.

Fakt.kg

Окшош материалдар:  Президент: “Жаштар- өлкөнү жаңылоонун, өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы”

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful