Templates by BIGtheme NET

Интернаттагы майып балдар эмнеге бастырмада жатышкандыгын директору айтып берди

Жараткан адам баласынын башына кандай сыноолорду берерин, тагдырын кандай нукка бурарын өзү гана билет. Жарык дүйнөгө  ата-энесинин мээримине бөлөнөм, ушул жашоодо башка балдар сыяктуу бактылуу болом деген үмүттөр менен келген майып балдар тагдырдын чоң соккусунда калышууда. Эч күнөөсүз бул дүйнөгө келип, ата-эненин мээриминен, сүйүүсүнөн эч теке көрбөй же ден-соолугу жок  балдарды көрүп, жүрөгүң зыркырап, дүнүйөң тарып кетет. Мындай балдардын жашоосуна кайдыгер карабаган мамлекет, атайын психоневрологиялык балдар үйлөрү түзүлгөн. Ошондой интернат үйлөрүнүн бири Беловодск дагы балдар психоневрологиялык социалдык мекемесинде оңдоп-түздөө иштери жүрүп жаткан учурунда, балдар сыртта жатышкандыгы боюнча маалымат каражаттары жазып чыккан эле. Бул  тууралуу жана интернаттын жашоо шарты менен Fakt.kg  таанышып, директору Светлана Такырбашова менен маек куруп келди.

“Беловодск балдар психонервологиялык стационардык мекемесинде капиталдык оңдоо-түздөө иштери 20 жыл мурун болуп, эки гана имаратында жасалган экен. Биздин мекемени оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүү боюнча Евросоюздан 2 жыл көзөмөл кылышты. Себеби, реформа жүргүзүп, 2014-жылдан бери программасы интернаттарды жоёбуз же кээ бир интернаттарды кошобуз деп жатышкан. Биздин интернатты жоюу каралган, анан Евросоюздан 8 кишиден турган делегация келип, бардыгын текшерип кетишкен. Ал учурда 260 бала бар болчу. Ата-энелер менен иштешип балдардын санын кыскартуу керек дешкен. Евросоюздан делегация келип кеткенден кийин, бизди жойбой. Капиталдык оңдо-түздөө иштери жүргүзүлүп,  төшөктө жаткан балдарга өзүнчө эки этаждуу имарат курулуп жатат. Азыр биздин курулуш иштерди мамлекет каржылап жатат, бүткөндөн соң  Евросоюз мамлекетке каражаттарды кайра которуп берет. Оңдоо иштерине акча бир аз кечирээк бөлүнүп, июнь айында башталып калды. Ал эми ондоо иштери башталганда, балдарды сыртка жаткырып коюпсуңар деп туура эмес түшүнүп жатышат. Биринчиден, жайдын ысыгында имараттын ичинде,  төшөктө жаткан 80 баланын абалын көрбөй эле эл сүйлөй берет экен. Күндүн ысыгында дем алуу өтө кыйын, аларды ысыкта кыйналбасын деп сыртка атайын балдар жатканга ылайыктап астын, тегерек четин атайын торчолор менен бекитип, шарт түзүп жаткырабыз. Сыртта  жаткан балдарыбыздын шартын чет элден, өкмөттөн келген комиссиялар көрүп, шарттарга нааразы болушкан жок.  Эң башкысы бизде инфекциялык оорулар болгон жок.

Окшош материалдар:  Белгилүү режиссёр Болот Шамшиевдин унаасын өрттөп кетишти

Оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан  интернаттын жетекчилиги ата-энелерге байланышып убактылуу алып кеткенге суранышканда, ошончо баланын ичинен 35 гана ата-эне алып кеткен. Анда да бир айга жетпей кайра алып келип таштап кетишкен. Ал эми башка чоңдордун интернатын которолу дешсе, ал жакта бир да орун жок экен. Азыркы учурда интернатта жашы 19 дан өткөн балдар да жашашат”- дейт директор.

Ар бир эле мекемелерде сөзсүз түрдө демөөрчүлөрсүз иш болбоору айдан ачык, анткени мамлекет толугу менен камсыздай албайт. Бул жактын демөөрчүлөр көбүнчө чет элдик ыктыярчылар. 10 жылдан бери эки ыктыярчы менен иштешип келишет. Ыктыярчылардын бири жаткан балдарды укалап, төшөктө жаткан балдар менен иштешет. Экинчи ыктыярчы болсо эмгектеген балдар менен иштешип, аларга физотерапия өткөрөт экен. Буга чейин мындай интернаттагы балдар деги эле окубайт деп эсептеп келишкен жана көңүл да бурушкан эмес. Бирок директор Светлана Такырбашова  экспермент кылып,  акыл эси сакталган бирок мүмкүнчүлүгү чектелген 15 баладан 7 баланы окутуп баштаган.

Бул майып балдар үйүндө балдарды жөн гана карабастан, аларга кадимкидей топторго бөлүнүп сабактар өткөрүлөт экен. Имараттарын кыдырып көргөн учурда класстардын жасалгалары бардык шарттар менен эске алынгандай жасалыптыр. Жыл сайын балдарга өзүн алып жүргөндү, бир нерселерди жыйнаганды, кол өнөрчүлүккө үйрөтүлөт.

Бул тууралуу директор төмөндөгүлөрдү айтып берди: “Балдарымдын окууга кызыгуусу бар экенин байкап жүрдүм. Алар өздөрү да окуйбуз деп башташты. Алгач америкалык “Эс ди ай”  фонду менен сүйлөшүп, Билим берүү жана илим министрлигинен адистерди чакырып, жана “Сорос” фондунан  проект утуп алганбыз, анан алар эки классты жасап беришкен. Ошентип, 5 жыл мурун балдарды окутуп баштадык. Бизди көрүп башка да  интернаттар окутуп башташты. “Эс ди ай” жана “Аплифтауфунт” фонддору мугалимдердин айлыгын төлөп беришет. Окутуу үчүн атайын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын программа түзүлгөн. Азыркы учурда  эки бала 4-класстын программасы менен окуп калды. Жыл сайын жазында бардык тобтордо ачык сабактарды өткөрүшөт. Анан  тарбиячылардын , мугалимдердин эмгектерин баалайбыз”- дейт Такырбашова.

Окшош материалдар:  Чоң-Алайда тузак камерага түшүп калган жаныбарлар (Фото)

Ошондой эле, Светлана Такырбашова кыялданып жүрүп балдарына англис тилин да окутканга шарт түзгөн.  

Беловодск балдар психоневрологиялык станционарында алгач 254 балага ылайыкталган. Оңдоп-түздөө иштери толугу менен бүтсө, стандартка жооп берет. Бул жакта жашаган баланын ар биринин тамагына 110 сом, дарысына 12 сом 80 тыйын бөлүнөт. Кызматкерлердин айтымы боюнча тамак-аш маселе жаратпайт, ал эми дары-дармек кымбаттап кеткендиктен, бир аз кыйын болуп жаткан экен.

Мындай тагдырга кабылган балдардын көпчүлүгүн ата-энелер өзүлөрү алып келип таштап кетишет. Көбүнчөсү  төрөлгөндө эле майып төрөлгөн балдар. Албетте эми доктурлардын туура эмес кароосунан кийин да майып болуп калган балдар бар. Ата-энелери дээрлик келишпейт, болгону 20дай  ата-эне бар экен, баласынын туулган күнүндө, майрамдарда келип турган. Ата-энелер тараптан эч кандай жардам болбойт.  Жада калса сурап да коюшпайт, кайра өкмөттүн милдети деп коркутушат экен.

Аталган интернатта азыр 180 кызматкер бар, алардын көбү тарбиячылар. Айлыктары 10 миң сомдун тегереги. Бул  жерде жумуш дээрлик жок болгондуктан чыдап   иштешет.

Чет өлкөлөрдө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды багып алуу кадимки көрүнүш сыяктуу кабыл алышат. Ал эми биздин өлкөдө бул жагдай кандай экенин Светлана Такырбашовадан сурап өттүк:

“Мындай балдарды багып алууга мүмкүнчүлүк бар, бирок айрыкча биздин өлкөдө багып алышпайт. Өздөрү бага албаган үчүн өткөрүп жатышат да. Көбүнчө таштагандар кыйын шартта жашаган үй-бүлөнүн балдары, жалгыз бой энелер. Кээ бири айла жоктон ташташат. Булар бизден башка эч кимге кереги жок. Ата-энелер арасында кээ бири толугу менен баш тартат, кээ бири баш тартпайт бирок дайын оту менен жок. Көбүнүн телефону, адрестери жалган”- дейт директор.

Өтө оор жана жоопкерчиликтүү жетекчиликке Светлана Такырбашова кантип келип калганын сурадык:

“1993-жылдан тарта Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде иштеп келгем. Ошол учурдагы министр Назгүл Ташбаева бул интернаттын директору пенсияга чыкканы жатат, ошол жакка барып иштебейсизби деп сунуштап калды. Бир жылдай ойлонуп жүрүп, анан келдим. Алгачкы жылдары келгениме өкүнүп балдарды көрүп алып ыйлап жүрдүм. Кетип калууга чейин ойлонуп, кайра балдарды кыя албай койдум. Алардын тагдырына кайдыгер карай албадым. Анткени. Бул жакта көп иштерди жасаш керек эле, жаңы келгенимде абал өтө оор болчу.  Ушул жакта иштегениме 9 жыл болду. Балдардын ысык-суугуна чыдап иштеп келе жатам, алардын ар бири жүрөгүмдө, ар бирин өзгөчө жакшы көрөм. Алар бизден башка эч кимге кереги жок да! Анан да коомчулук бул жердин бир нерсесин көрбөй сындай беришет, аларга жооп берип жатып тажадым. Бизге ишенбей, күмөн санагандар келип көрүшсүн, эшигибиз дайым ачык”- дейт Такырбашова.

Окшош материалдар:  Өчпөс оттун жанынан спирт ичимдиктерин ичкен жаштар изделүүдө

Кел, урматтуу окурманым, “төбөң көккө жетип турса да, бутуң жерде экенин унутпа” – деген кыргыздын накыл кебин эстен чыгарбай, ар бир нерсебеизге каниет кылып жашайлы!

Жардам берем деген жарандар үчүн Беловодск психоневрологиялык балдар үйүнүн эшиги дайым ачык!

Реквизиттер:

БИК 129005 р/счёт 1290054131110044

с/счет 1290054132110053 (для гумжардамга)

лицевой счет 4403071103002461

ИИН 02302199710114

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful