Templates by BIGtheme NET

Майрамбек Адылбеков: “Быйыл Жалал-Абадда сыноо жылы болду”

 Жалал-Абад шаарынын мэриясы быйылкы 9 айда аткарылган иштерге саресеп салып, жыйынтыгын чыгарды. Шаар мэриясынын аткаруу комитетинин жыйынында социалдык-экономикалык абалга кеңири анализ берилип, ийгиликтер белгиленди жана көйгөйлөр айтылды. Шаар жетекчилиги жыл башында башталган иштердин тез арада сапаттуу аякталышын, калктын мүдөөлөрүн кеңири эске алуу менен иштөөнү мекеме-ишканалардан талап кылды. Дегеле шаардагы жалпы абал тууралуу билүү максатында шаардын биринчи вице-мэри АДЫЛБЕКОВ Майрамбек Алымбековичке суроолор менен кайрылдык.

-Шаар мэриясынын аткаруу комитетинин жыйынында 9 айлыктын жыйынтыгы каралып, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр дээрлик бардык тармактар боюнча жакшы деген пикир айтылды. Мисалы кандай?

-Чынында эле быйылкы үчүнчү чейректин өткөн жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу салыштырма бааларда өнөр-жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси178,1 пайызга, айыл чарбасында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 107,5 пайызга, негизги капиталга инвестицияларды тартуу 116 пайызга,автотранспорт менен жүк ташуу 106,2 пайызга, жүргүнчүлөрдү ташуу 108,2 пайызга, чекене товар жүгүртүү 100 пайызга, акылуу кызмат көрсөтүү 102,1 пайызга өстү. Дегинкисинде, бизде быйыл сыноо жылы болду, анткени жыл башынан ири максаттар алдыга коюлган эле. Биз ал максаттарды ишке ашыра алдык, сыноодон өттүк деп ойлойм.

-Албетте, шаардагы приоритеттүү тармак – өнөр жай. Сиз жыйында 17 ишкана алдыга кетип, 10 ишкана шаарды артка тартып жатат дедиңиз. Алар кайсылар? 

-Чын эле биздеги өнөр жай тармагы приоритеттүү тармак, ошондуктан буга маани беребиз.Быйылкы январь-сентябрь айында Жалал-Абад шаары боюнча 2 миллиард 565,3 миллион сомдук өнөр-жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 178,1 пайызга, ал эми өсүү темпи  105,7 пайызга өстү.

Шаарыбыздын өнөр-жай продукциясынын көлөмүнүн өсүшүнө чоң салымын кошуп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен төмөнкү өнөр-жай ишканаларды айтса болот. Алар “Кыргыз ПетролеумКомпани” жабык акционердик коому (255 миллион сомдук продукция), “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому (102,6 миллион сомдук), “Жогорку кубаттуу электр тармактары” ачык акционердик коому (33,7 миллион), “Жылуулук башкармасы” (16,5 миллион сомдук),  “Келечек” жабык акционердик коому (10,2 миллион сомдук), “Борбордук Азияда ташты кайра иштетүүчү завод” жоопкерчилиги чектелген коому (6,6 миллион сомдук),  “Тазалык” ишканасы (4,6 миллион сомдук), “Келечек” мамлекеттик ишканасы (1,5 миллион сомдук). Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ушундай 17 өнөр жай ишканалары тарабынан 430,7 миллион сомдук продукция көп өндүрүлдү, же болбосо шаар боюнча өндүрүлгөн продукциянын 16,8 пайыз көлөмүн түздү.

Бирок, объективдүү жана субъективдүү себептерге байланыштуу шаарыбызда жайгашкан 10 өнөр жай ишкана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 343,6 миллион сомдук продукцияны кем өндүрүп, шаардык көрсөткүчтөрүн 13,4 пайыз артка тартышты.

Окшош материалдар:  Поезд сүзүп кеткен адам боюнча иликтөө иштери башталды

-Алар кайсы ишканалар? Тактап айта кетсе болобу?

-Албетте болот, мунун жашыра турган жери жок. Мисалы, “Жалал-Абад нефтини кайра иштетүүчү завод” жоопкерчилиги чектелген коому (197,4 миллион сомдук), “Нур” ачык акционердик коому (8,7 миллион сомдук), “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун “Жалалабадгаз” филиалы (8,6 миллион сомдук), “Элдик” мамлекеттик ишканасы (5,6 миллион сомдук), “Мата” акционердик коому (1,2 миллион сомдук), “ЮКиМ” жоопкерчилиги чектелген коому (0,7 миллион сомдук) жана “Алманбет” жоопкерчилиги чектелген коому (0,5 миллион сомдук) продукцияны кем өндүрүштү. Жыл аягына чейин ушул ишканаларда өндүрүш алга жылса, жакшы болмок,

-Реалдуу секторго азыр кичи жана орто ишканалардын салымы көбөйсө жакшы болмок. Бул жагынан эмнелерди айта алсыз?

-Албетте, кичи жана орто ишканалар арымын арттырып барышы биз үчүн абдан керек. Жалпы өндүрүлгөн продукциянын ичинен алардын үлүшү көбөйө берсе, жакшы болот эле. Себеби, бул кошумча продукция, киреше гана эмес, кошумча жумушчу орундар да болуп эсептелет. Биз үчүн экономикалык жана социалдык мааниге ээ. Ал эми быйылкы 9 айынын жыйынтыгы менен шаарыбыздын кичи жана орто ишканалары жалпысынан 220,4 миллион сомдук продукция өндүрүшүп, өткөн жылга салыштырмалуу өндүрүлгөн продукциянын өсүү темпи 98,1 пайызды түздү, же болбосо 4,2 миллион сомдук продукция кем өндүрүштү. Менимче, жыл аягына чейин абал оңолуп, продукция өндүрүү артат болуш керек.

Ал эми, жеке ишкерлер жакшы жетишкендиктерге жетишти, шаардын экономикасына чоң салым кошуу менен 9 айда алар 68,9 миллион сомдук продукция өндүрүүгө жетишишти. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүлгөн продукциянын өсүү темпи 159,2 пайызга жеткирилди, башкача айтканда, 25,6 миллион сомдук кошумча продукция өндүрүлдү.

-Шаарга караган Тайгараев аймактык башкаруусу бар эмеспи. Демек, шаарда айыл чарбасы да бар. Бул багытта иш кандай жүрдү?

-Туура, бизде айыл чарбасы да бар, бул багытта да жакшы иштерибиз жок эмес. Шаар боюнча салыштырмалуу баада 165,4 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу өсүү темпи 107,5 пайызды түздү, план-тапшырма 105,4 пайызга аткарылды. Шаар боюнча 51,6 миллион сомдук талаачылык продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 119,3 пайызга жетти. Ал эми мал чарбасында 113,8 миллион сомдук продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 102,8 пайыз болду.

Окшош материалдар:  9 ай ичинде Кыргызстанда 4029 адам айдоо укугунан ажыратылган

Эгер тактап айта турган болсок, 9 айынын жыйынтыгы менен 354тонна эт өндүрүлдү да, өткөн жылга карата өсүү темпи 102,3 пайызды, 2251 тонна сүт өндүрүлүп, өсүү темпи 103,9 пайызды камсыз кылынды. Бирок, шаар боюнча 922 миң даана жумуртка өндүрүлүп, өсүү темпи 90,4 пайызды жана 21,1 тонна жүн  өндүрүлүп, 96,3 пайызды түзүп калды. Буга негизги себеп кой-эчкилердин  жана канаттуулардын баш санынын өткөн жылга салыштырмалуу кыскарганы болду.

-Экономикада соода тармагынын үлүшү дайыма жогору болуп келет. Шаарда соода жүргүзүү жагы кантти? Жылыштар барбы?

-Бул тармакта биз өткөн жылдын көлөмүн кармап калдык. Башкача айтканда, 9 айынын жыйынтыгы менен салыштырмалуу баада 10 миллиард 916,8 миллион сомдук чекене соода жүргүзүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 100 пайызды түздү. Шаарыбыздын тургундарына  2 миллиард 481,3 миллион сомдук акылуу кызмат көрсөтүлдү жана өткөн жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу  өсүү темпи 102,1 пайызга жетти.

Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин аракети менен шаардык казынага 17 миллион 510,3 миң сом түшкөн болсо, бекитилген план 17 миллион 300,7 миң сом. Киреше жагынан план 101,2 пайыз аткарылды. Аныничиненжергиликтүүбюджетке 10 миллион 743,9 миң сом таза кирешечегерилген.

-Казынага муниципалдык менчикти башкаруудан да көп киреше түшөт болуш керек?

-Чынында эле муниципалдык менчикти ыктуу башкарса, ал казынага көп киреше берет. Мэриянын алдындагы Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан 9 ай ичинде11 миллион 923,5 миң сом түшкөн, ал эми 9 айга 10 миллион 869,9 миң сом план бекитилген эле. Киреше жагынан план 109,7 пайызга аткарылган же болбосо 1 миллион 53,6 миң сомкөп түшкөн. Албетте, мында муниципалдык жерлерди, мүлктөрдү ижарага берүүдөн, реклама-жарыяларды жайгаштыруудан, унаа токтоочу жайлардын акысынан кирешелер алынууда.

-Азыр кай жерге барба, бардыгында инвестиция тартуу боюнча баш катырышууда. Шаарга тартылган инвестициялардын көлөмү кандай болду?

-Кудайга шүгүр деп коёлу, айрыкча тышкы инвестиция тартуу жагынан алга жылыштар бар. Быйылкы 9 айда шаардын ар түрдүү тармактарына  тартылган инвестициянын көлөмү жалпысынан 1 миллиард 956,1 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 126,7 пайызды түздү. Анын ичинен ички инвестициянын көлөмү  1 миллиард 496,9 миллион сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 98,8 пайыз болду. Ал эми, тартылган тышкы инвестициялардын көлөмү 459,2 миллион сом болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 12,9 эсеге көбөйгөн.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өнөр жай тармагынатартылган ички инвестициялар 34,9 миллион сомду түзүп, 6 эсеге көбөйгөн болсо, айыл чарба тармагына 290,8 миллион сом инвестициялар тартылып, өсүү темпи 63,9 пайызды түздү. Чекене соода жана акылуу кызмат көрсөтүү тармагына 234,3 миллион сом тартылып, өсүү темпи 105 пайыз болсо, социалдык тармакта 149,7 миллион сом тартылып, көлөмү 3,8 эсеге көбөйгөн. Башка да тармактарга 781 миллион сом тартылды. Шаар аймагынын ар түрдү тармактарында 9 ай ичинде 44 жаңы ишканалар ачылып, 498 жаңы жумуш орундары жок жерден түзүлбөдү го.

Окшош материалдар:  Мэрия ката жазылган баннер боюнча жооп берди

-Азыр жергиликтүү бийликтердин ишинин натыйжалуулугун баалоочу критерий арасында салыкты өз убагында тийиштүү көлөмдө жыйноо дагы бар. Бул жагынан абал кандай болуп атат?

-Бул жагынан бизде көйгөй деле жок, салык жыйноо боюнча план-тапшырмаларды аткарып жатабыз. Бул деген бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо деген кеп да, ошондуктан аракет катуу. Быйылкы 9 айда салык жана салык эмес төлөмдөр боюнча жеткирилген план-тапшырма 551 миллион 103,8 миң сом болсо, аткарылганы 557 миллион 20,9 миң сом боуп,  5 миллион 917,1 миң сом ашыкча жыйналды. Бул көрсөткүч 2017-жылдын отчёттук мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 114 пайызды түздү.

Ал эми  жергиликтүү бюджетке жеткирилген план тапшырма 244 миллион 23,6 миң сом болсо, аткарылышы -254 миллион 186,3 миң сомду түздү, демек, 10 миллион 162,7 миң сом ашыкча жыйналып, өсүү темпи 104,2 пайызга жетти. Өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 19 миллион 864,1 миң сомго көп болуп, өсүү темпи 108,5 пайыз болду. Менимче, жогорудагы сандар шаардагы ушул багыттагы иштер кандай жүрүп жатканынан толук кабар берет.

-Буюрса, эмки жылга да жакшы пландар болот го. Азыртан эмнелерди айта аласыз?

-Жыл аяктап бара жатат, бизде дагы да аткарыла турган бир топ иштерибиз бар. Ошондуктан, алдыга озбой коё туралы. Азыркы тапта шаар мэри баш болуп ишкана-мекемелердин жетекчилери эл менен жолугушууларды өткорүп жатышат. Максат – кийинки жылдын бюджетин иштеп чыгууда калктын мүүдөөлөрүн, сунуштарын кеңири камтуу. Элдин каалоолорун эске алуу менен кийинки жылдын иш-чаралар пландары, жергиликтүү бюджет түзүлөт да, жыл бою аларды аткаруу менен алек болобуз. Менимче, кийинки жылда да бизде реалдуу сектордо, курулуш тармагында социалдык турмушта өзгөрүүлөрдү алып келген иштер көп болот.

 

Тазагүл ШАМИШЕВА

fakt.kg

 

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful