Templates by BIGtheme NET

Бишкекте бир күндүк күйөө бала канча киреше табат…

Кыргыз элинин ар бир тоюнда бодо- малдар союлуп, даярдыктар кызуу жүрөөрү бышык. Бирок азыркы тапта көптөгөн жигиттерибиз мал сойгонду, жиликтеп, устукан тартканды унутта калтырып бара жатышкандыгы бардыгына белгилүү. Өзгөчө шаар тарапта мал союу эмне экенин билбей бара жаткан жаштарыбыз арбын.  Мындай учурда той ээлери колу билген адамды издеп калат. Ушул жагдайларды эске алуу менен Улан Ыктыбаев, мал союп, жиликтеп, устукандап берүү жана башка тийиштүү иштерди жасоо менен өзгөчөлөнгөн бизнести өздөштүрүп алган экен. Ал өзүнүн кичинекей киреше булагы туурасында fakt.kgге  маек куруп берди.

 –Улан мырза алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз жана мындай ишти баштоого идея кайдан жаралды?

– Өзүм жөнүндө айтсам, азыркы учурда тез жардам кызматында айдоочу болуп иштейм. Буга чейин да көп жерлерде айдоочу болуп иштеп келгем. Ал эми мындай кызмат көрсөтүү ишин баштоого жашоо-турмуш өзү түрткү болду. Өлкөбүздө бир айлык маяна менен үй-бүлөнү эмес, өз кара жаныңды бага албайсың. Ошондуктан, кошумча киреше булагы болбосо болбойт да, акчанын тартыштыгынан улам келген идея десем болот.

-Коомчулукка чынын да эле “бир күндүк күйөө баланын кызматы” керекпи? Кыргыздын ар бир үйүндөгү жигит мал союу, жиликтөө жана аны бышырууну өздөштүрсө керек.

-Азыркы мезгилде мындай кызматтар сөзсүз керек болуп калган. Мурда той берсең туугандарың же болбосо кошуна-колоңдоруң, колдон буттан алып жардамдашчу. Бүгүн күндө мурдагыдай заман жок. Бардыгы өз оокаттары, өз тиричилиги менен алек. Ошондуктан, кызмат көрсөтүүм, так ушул заман талабына жараша. Өкүнүчтүүсү азыркы жаштардын көбү билбейт, ошондуктан мал союп, жиликтеп бергенге дайыма билген кишини издешет да.

-Кызматыңыз туурасында жана анын баасы тууралуу айтсаңыз? Ошондой эле күнүнө канча чакыруу аласыз? Суроо талап кайсы учурда көп болот?

Окшош материалдар:  Кара-Балтадагы “Жунда” заводу ишин токтотту

-Негизги кызматыбыз мал союу, эт бышыруу, табак тартуу жана башка. Ал эми баасы малдын түрүнө жараша болот. Мисалы: кой, эчки 1000 сом, бодо мал 5000 сом болот. Анын ичинде өзүм бышырып берем кааласа өзүмдүн үйүмөн бышырып, жеткизип берем же кааласа кардардын үйүнөн бышырып берем. Бул эми бир саатта бүтө турган оокат эмес, жылкы сойсоң эки күндү талап кылат, ошол эле кой, эчки бир күндү талап кылат. “Сезонум” күз мезгилинде болот, бардык кардарымдын көңүлүн калтырбай, жетишип иштөөгө аракет кылам.

-Сиз менен биргеликте дагы иштеген жигиттер барбы? Жана өзгөчөлөнгөн “Бир күнгө күйөө бала” ишиңизди баштоодо кандай пикирлерди уктуңуз?

-Азырынча жалгыз иштейм. Жардамдашып иштейм же үйрөнөм дегендерге эшигим дайым ачык. Анткени, ар бир кыргыздын жигиттери мал сойгонду, жиликтеп, устукандаганды билүүсү милдет. Ишти баштаганымдан бери үй-бүлөөм жана досторум колдоосун көрсөтүп, жардамдашып келишет. Ал эми кардарлар тааныштар аркылуу угуп келе беришет.

Күйөө бала керек болсо, 0 709 99 82 88 же 0555 86 88 99 номерлерине чалыңыз!

fakt.kg

One comment

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful