Templates by BIGtheme NET

Москвада жумушу жок кыргызтандык келин 1,5 жашар кызын Кыргызстанга алып келе албай жатат

Россиянын Москва шаарында кыргыз келин 1,5 жаштагы кызын Кыргызстанга алып келе алалбай жатат. Бул тууралуу Канатбек Абдилов билдирди.

“Бул кыз 1,5 жашта. Апасы аны жалгыз багып келет. Кыздын атасы каякта, эмне кылып жүргөндүгүн эч ким билбейт. Кыздын атасы Өзбекстандын жараны, апасы Кыргызстандын жараны. Апасынын азыркы учурда Москвада жумушу жок болгондуктан кызын Кыргызстанга алып кетиши керек. Бир жумадан бери Кыргызстандын Россиядагы элчилигине барып жардам сурап жатабыз. Алар кызга кыргыз жарандыгын берүү үчүн атасынын макулдугу керектигин айтышууда. Ооба, атасы мыйзам боюнча макулдугун бериш керек же сот аталык укуктан ажыратуусу керек. “Киндер-паспорт” консулдугу жарандык берүүдөн баш тартып жатышат жана ал ата-энелик укуктан ажыратууга сотко берүүгө укугу бар деп жатышат. Соттук териштирүү иштери 6 айга чейин чоюлат. Анда дагы кызды апасынан алып коёт деген коркунуч бар. Анткени Апасынын кызын толук кандуу бакканга шарттары жок. Бирок бул факты боюнча биздин мекендешибизге жардам бериш керек. Кыргызстандык келиндин ата-энеси небересин багып алууга даяр. Күнөөсүз баланы кыйнабай, элчиликтин жардамы менен Кыргызстанга жибериш керек. Бул келиндин тагдырын катуу сын айтып, ачууга алдырбагыла. Ал да бактылуу болоюн деген максатта турмушка чыккан. Тагдырдын сыноосу экен күйөөсү таштап кетти. Эми эмне кыл дейсиздер ар бир улутта өзүнүн жаман адамдары болот. Ал эми келинди убагында ата-энеси тарбиялай албай калган экен. Бирок, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жаш балага жардам берет го деген үмүттөмүн”,- дейт Канатбек Абдилов.

fakt.kg

 

 

Окшош материалдар:  Журналисттин бычакталышы боюнча кылмыш иши козголду

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful