Templates by BIGtheme NET

Бишкекте 17 жаштагы кыз туугандарынын колунан каза тапты

Бишкектин Жеңиш конушундагы үйлөрдүн биринен 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Ал Нарын облусунун тургуну болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык,15-октябрда эртең менен саат 7:30да кыздын жансыз денеси табылгандыгы туурасында маалымат  келип түшкөн.

Кыз туугандарынын үйүндө жашап, борбордогу лицейлердин биринде окучу.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынын негизинде кыз сабалып жана муунтулуп өлтүрүлгөнүн аныктаган. Кылмышка шектүү катары кыздын туугандары 21 жаштагы Т. уулу Д. менен 20 жаштагы Т. уулу М. кармалды. 21 жаштага кармалган бала жасагандарын моюнуна алган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси “Адам өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камалды.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Кара-Балтадагы “Жунда” заводу ишин токтотту

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful