Templates by BIGtheme NET

Кыргызстандыктар көбүнчө кайсы өлкөлөрдө эс алышат?

Бишкек шаарында көчө бойлой бассаң эле,  көп узабай ар бир тамдын боорунда “Туристтик агенттик” деп жазылып турат. Алардын саны күн сайын көбөйүп бара жатканын көрүп, элибиз чет жакка байма-бай саякаттоого агылып жатса, анда борбордогу тур агенттиктердин иши кандай болуп жатты экен деп кызыктырды. Бүгүнкү күндө Кыргызстандыктар кандай талаптар, шарттар менен чет өлкөгө эс алууга чыгып жатышкандыгы тууралуу fakt.kg “kyzmat travel” туристтик агенттигинин жетекчиси Медербек Бердикулов менен маектешти.  

-Кыргызстанда бүгүнкү күндө кайсы өлкөдө эс алуу суроо талапка ээ? Жана мезгилге жараша кайсы өлкөнү тандашат?

-Негизинен, азыркы учурда Кыргызстандыктар үчүн чет өлкөгө чыгып эс алуу,  кыйынчылык туудурбай калды. Буюрса элибиздин чет өлкөлөргө саякаттоосуна жеке мүмкүнчүлүктөрү, шарттары түзүлүп баштады десем жаңылышпайм.  Ар бир мезгилдин өзүнүн “сезону” болот.  Кимдин кайсы мезгилде эс алууга мүмкүнчүлүгү болсо эле,  ошого карап саякаттоого кете беришет.  Мисалы, жайында  Түркияны, Европаны, Өзбекистанды көп талап кылышат. Кеч күздө жана кыш мезгилинде Дубай, Тайланд, Индонезия, Хайнань аралы, Индия, Малайзия, өлкөлөрүнө суроо талап күчөйт. Кыргызстандыктардын эң эле көп барганы бул Дубай менен Египет.

-Элибиздин чөнтөгүнө көбүнчө кайсы өлкөнүн эс алуу жайлары, шарттары менен туура келет?

-Элибиздин чөнтөгүнө эң эле туура келген Дубай (эгерде күзүндө же кышында бара турган болсо). Экинчи орунда Египет турат. Негизи, биздин жарандар, эми гана чет өлкөгө эс алууга, саякаттоого адат кылып чыга башташты. Анан албетте,  жарандарыбыздын биринчи кадамдары, дүйнөдө туризмди багындырган  Дубай, Туркия, Египет өлкөлөрүнө барышат. Биздин жарандар көбүнчө “ALL INCLUSIVE” (Все включено) жактырышат жана ыңгайлуу. Бул Концепция көбүнчө Түркияда жана Египетте бар. Анда тамак ашы 3-4 маал берилет, ичимдиктер, шараптар, бал муздак жана башкалар бекер болот.

 -Тур агенттиктер аркылуу саякаттоого барсаң,  кандай шарттар, кепилдиктердин негизинде жиберишет?

Окшош материалдар:  Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү “зебрадан” сүзүп кетти (Видео)

-Эгерде биздин тур агенттик аркылуу барсаңыз, текшерилген гана оператор менен жөнөтөбүз. Биз эс алууга кетирип жаткан адамыбыз менен юридикалык жактан келишим түзөбүз. Ошондой эле, документтердин толук пакетин, медициналык камсыздандырууну беребиз. Анан албетте бара турчу өлкө, отелдер боюнча толук маалымат берилет. Алгач агенттикке кайрылгандарга бардык шарттарын, баасын түшүндүрөбүз. Мисалы азыркы учурда Дубайга Ноябрь айында бармакчы болсоңуз, 5 түнгө, 2 адамга, визасы менен, орто алганда 1200 АКШ долларын түзөт.

Kyzmat Travel туристтик агенттиги официалдуу түрдө 2016- жылдын март айында ачылган.  “Эки жарым жылдын ичинде агенттик жарандарга жакшы кызмат көрсөтө алдык. Жетиштүү жана ыраазы болгон  кардарларды таптык. Келечекте дагы көптөгөн пландарыбыз бар”- дейт Медербек Бердикулов.

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful