Templates by BIGtheme NET

Ыргал Кадыралиева: “Күйүтүмдөн айтканымды Асылбек Шарипович жигитчилик кылып кечирди деп ойлойм”

Кыргыздын кыздары ар тараптуу келип, турмуш тиричилиги жактан гана эмес, мамлекеттик иштерде да кызматын көрсөтүп анча-мынча эркектер жасай албаган иштерди жасап жаткандары коомчулукка белгилүү.  Элибиздин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон  мекенчил, тайманбас кыздарынын бири V чакырылыштын депутат Ыргал Кадыралиева fakt.kgге кызыктуу маек куруп берди.

-Азыркы учурда эмне менен алексиз? 2020-жылы кайрадан парламенттик шайлоого катышып саясатка келейин деген пландарыңыз барбы? Бар болсо, кайсы партия менен шайлоого аттансыз?

 –Деги эле адамзаты келечекти пландоодо кеңири түзөт. Келечекке койгон маанилүү пландарымдын бири, бул парламентке баруу. Кайра барып буга чейинки алган тажырыйбамды элдин керегине жумшасам деген максаттарым бар. Эмне үчүн парламентке? Албетте, Кыргызстанда депутат болбойм деген адам жок, баары ошол жакты ээлегиси келет. А бирок көпчүлүгү мыйзам эмне экенин билбей эле, парламентти бир мүлк катары же болбосо мүлккө ээ болуу, байлыгын коргоо катары кабыл алып жатышат. Биз беш жыл иштедик анын ичинде жакшы мыйзамдар, демилгелер менен иштегенибиз азыркы тапта белгиленип турат. Бүгүнкү күндө саясат абдан кызып турган убак. Жаңы уюмдар, кыймылдар, партиялар иштерин жандандырып турушат. Бизде азыр бир нече сүйлөшүүлөр, кеңешүүлөр бар. Бирок азыр кайсы партия менен барууну чечүүмө, дагы бир аз убакыт бар.

-Жогорку Кеңештин V чакырымында депутаттыкка келээриңизде раматылык агам Санжар Кадыралиевдин жасап жетишпей калган иштерин, аягына чыгарайын деп келдим дедиңиз эле. Эл өкүлү болуп, турганда агаңыздын канча пайыз ишин бүттүрдүм деп ойлойсуз?

Агамдын пландары, максаттары абдан чоң болчу. Келечекте кайсы жумушка барам кандай иштейм деген пландарына чейин бөлүшүп, сырдашып калчу. Агамдын көзү өткөндөн кийин, ага келген бардык каттарды окуп чыккам. Ошол убакта кылып жаткан иши боюнча көптөгөн тааныштарынан, досторунан, жардамчыларынан сураштыргам.  Жеке адамдарга, мектептерге, айылдарга берген убадалары бар экен. Ошолорду депутат боло элегимде эле аткарып баштагам. Себеби адамдар үмүттөнүп, ишенип жатышса, алардын колун чаап салгандай болбосун деп алгач эле ошол маселелерди чечүүгө киришкем. Ошонун негизинде парламентке да келип калдым. Бирок чоң максаттарын ишке ашырууга бир гана агамдын өз колунан гана келет болчу.  А бирок элге, шайлоочуларына берген иштерин 100 пайыз аткардым.

Окшош материалдар:  Мурдагы аткаминерлер Президентти оштон “кармайбыз” деп...

-Мурда эл өкүлү болуп турган учуруңузда, ошол учурдагы спикер Асылбек Жээнбеков менен кайым айтышып кеттиңиз эле. Азыркы учурда президенттин иниси менен мамилеңиз кандай?

Президенттин иниси менен бир элден, бир жерденбиз, тууганчылык жайыбыз бар. Журналисттерден баштап, карапайым элге чейин ушул суроону ар бири беришет. Себеби, Асылбек Шариповичтин мени кечирбегендиги үчүн азыркы мезгилде  ишсиз отурганымдын, бүгүнкү бийликтин катарына чакырылбай калгандыгымды, партиянын тизмесине кирбей калганыма аны күнөөлөшөт.   Жада калса   шайлоочуларыма чейин кайрылышат Асылбек Шарипович кечирбесе барып сүйлөшөлү деп. Кечиргенин же кечирбегенин канчалык чындыгы бар экенин, чынын айтсам билбейм. Өзүм абдан кечиримдүү адаммын. Ошол окуядан кийин  Асылбек Шарипович экөөбүз сүйлөшкөнбүз, айтайын деген оюмду туура эмес кабыл алган, түшүндүрүп бергенмин. Бирок, Асылбек Шарипович ошол убакта баары жакшы деген. Ошондон бери мени кечирди деп жүрөм. Чакырылбай жатканымдын себебин  өзүнөн гана сураш керек го. Асылбек Шариповичти  акем катары айтсам чыныгы мырза катары эсептейм жана сыйлайм. Менин күйүтүмөн айтылган сөздөргө, жигит катары түшүнүү менен кабыл алды деп ойлойм.

-Маалымат каражаттарына берген бир маегиңизде “кыздуу болгум келет, балдарымды кыз багып алам деп психологиялык жактан даярдап жатам” – дедиңиз эле. Ал тилегиңиз орундалдыбы?

Кыз төрөп алууга өзүмдүн деле мүмкүнчүлүгүм бар , ден-соолугум кудайга шүгүр, жашым да ылайыктуу.  Ошол сөздү айткандан кийин көпчүлүк кыздар, туугандарымдын, досторумдун арасынан, балдар үйүнөн алып эмне кыласың биз сага төрөп беребиз дешкендери да болду. Аталган  маегимден кийин көбү ойлоптур мени төрөй албайт экен деп. Бул дүйнөдө төрөлүп калып, үй-бүлөдөн тарбия көрбөй, эне мээримине муктаж болуп көпчүлүктүн арасында каралбай ден-соолугу оңолуп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар болсо да, көңүлдүн жетпегенинин айынан каралбай жаткан балдар толтура. Төрөп алыш оңой ал эми ошолорду алып багыш кудай алдында чоң сооп. Бул боюнча көп жолу аракет кылдым балдар үйүнө барып, ал жердеги балдарды карап багып алайын дедим . Бирок көпчүлүгү дарылоого же болбосо өтө оор такай карай турган абалда жаткан балдарды көрдүм. Буга чейин деле айтып калчумун,  балдар үйүнүн директорлору балдардын көпчүлүгүн бере албайт, себеби балдар үйүндөгү балдардын 90 % дан ашыгыраагы ата-энеси  бар туруп, социалдык жетим балдар тактап айтканда ата-энелери убактылуу таштап кеткендер. Алардан толугу менен баш тартмайынча багып алганга мүмкүнчүлүк өтө аз экен. Багып ала туруучу, багуума муктаж болгон кызды азырынча таба элекмин.. Балдарым кичирээк болгондуктан, мени дагы багып алдын беле деп сурап башташкан. Ошондон кийин ойлонуп калдым, балдарым бир аз чоңоюш керек экен, антпесе психологиялык доо кетет окшойт деп калдым. Аллахтын соопчулугу үчүн оор тагдырда калган баланы багып,  татыктуу тарбия берсем деген планым дагы деле бар.

Окшош материалдар:  Камчы Көлбаев менен балдардан бассейн талашкан жарандын кандай байланышы бар (Видео)

-Сиз коомчулукка абдан күчтүү айым көрүнөсүз. Негизи кыйынчылыктарды кантип жеңесиз?

-Ушул суроону 10жыл мурун беришсе башкача жооп берсем керек эле. Ал учурда кыйынчылыктарды ден-соолуктун күчү менен гана көтөрүп келе турган болсом, азыр акыл толду, акылмандык кыла турган жашка баратабыз. Кыйынчылыкты акылмандык менен жеңгенге аракет кылам.

-Азыркы учурдагы парламентке бере турган бааңыз?

-2011-жылы Алмаз Шаршенович “келечекте 5-10 жылдан кийин бийликке келиш эмес, ишкер болуу бийик тура турган мамлекет кылам”- деген сөзү бар эле. Жеке ишкер болуп мамлекеттин өнүгүүсүнө салымын кошо турган адамдарды көбөйтөм деген лозунгтар да болгон. Азыр тескерисинче жеке ишкерлер экономикага салым кошпостон бийликке келип отуруп алышты. Өлкө үчүн бул жакшы эмес. Бүгүнкү күндө парламенттин көпчүлүгү ишкерлерден түзүлүп калды. Ал эми байлардын арасына барган, ишкер эмес депутаттарыбыз аларга атаандашыш үчүн өзүнүн добушун,  парламенттеги үнүн бирөөнүн буйругу менен, жеке  кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатканын жалпы эл көрүп турат. Ошондуктан айтат элем азыркы мезгилдеги парламент коркок парламент. Коркоктук алардын духунда эмес, байлыгында. Байлар коркок болот,  байлыгымды жоготуп албайын деп.  Парламентке элге кызмат кылыш үчүн эмес, ишкерлигин коргоо үчүн барышкандары айдан ачык болуп турат. Байлардан куралгандыгы үчүн парламенттин эл арасында аброю жок болуп жатат. Парламентке тажрыйбалуу,  акылман,  мекенчил, калыс адамдар келиш керек.  Бүгүнкү трагедия буга чейинки парламенттик партияны түзүүдө катышкан адамдардын жүзү. Мындан тышкары өлкөдө  кадр маселеси курч турат. Бул тармакты да парламент талкалап жатат. Эч качан парламент кадр маселесине кийлигишпеши керек. Парламент мыйзам чыгарат,  анын аткарылышын көзөмөлдөйт жана өкмөттү шайлоого укугу бар. Эл өкүлдөрү “кадрдык кызматты” аткарбаш керек, бул коррупциянын бир түрү болуп калат.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful